Кыргыз-өзбек киночулары Айтматовдун "Делбирим" повести боюнча тасма тартат

© Фото / Паризат ЖакыпбековаСъемки фильма "Делбирим"
Съемки фильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманын бюджети 200 миң доллардан ашат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде тасма тартат. Бул туурасында Sputnik агенттигене кинонун Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди.

Анын айтымында, тартылчу тасманын сценарийин Керез Зарлыкова жазган. Ал эми өзбекстандык Сарвар Каримов режиссерлук кылат.

"Бул тасманы президент Шавкат Мирзиёев "Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдын белгилөө" жөнүндө чыгарган токтомуна киргизип, каражат бөлүп жатат. Тасманын өзөгү ошол бойдон калат, бирок заман талабына ылайыкталып жаңыланган вариантта чагылдырылат. Башкы каармандары эки өлкөдөн тандалган. Тартуу иштери 20-июнда башталат, буюрса жылдын аягында экранга алып чыгабыз. Аталышы "Делбирим" бойдон калды, бирок кашаа ичине "Кызыл жоолук жалжалым" деп жазылат", — деди Жакыпбекова.

Тартуу иштери Ташкент, Наманган жана Балыкчыда өтөт. Анда Ильяздын ролун Азиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров, ал эми Аселдин ролун кыргызстандык Мадина Талипбек, Хадичаны Элина Абай кызы аткарат.

© Фото / Яна РусскихАселдин ролун кыргызстандык Мадина Талипбек
Аселдин ролун кыргызстандык Мадина Талипбек - Sputnik Кыргызстан
1/2
Аселдин ролун кыргызстандык Мадина Талипбек
© Фото / Курманжан Датка тасмасынанХадичаны Элина Абай кызы аткарат
Хадичаны Элина Абай кызы аткарат - Sputnik Кыргызстан
2/2
Хадичаны Элина Абай кызы аткарат
1/2
Аселдин ролун кыргызстандык Мадина Талипбек
2/2
Хадичаны Элина Абай кызы аткарат

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу режиссер Сүйүн Откеевдин Мегатой-2 кинокомедиясынын экинчи бөлүгүнүн медиа өнөктөшү болду - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын кеңсесинде "Мегатой-2" кинокомедиясынын эпизоддору тартылды
Жакыпбекова белгилегендей, кинонун жалпы бюджети 200 миң доллардан ашат, каражаттын басымдуу бөлүгүн Өзбекстан көтөрүүдө.

Тасманы Өзбек кино улуттук агенттиги менен Кыргызстандын "Дан" продюсердик борбору биргелешип тартууда. Кыргыз жана өзбек тилинде жарыкка чыкмакчы.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу аталган тасманын расмий медиа өнөктөшү. Кино картина тууралуу маалыматтарды биринчилерден болуп окуй аласыздар!

Жаңылыктар түрмөгү
0