Газ плитасы. Архивдик сүрөт

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө кийинки жумада газ өчөт. Тизме

118
(жаңыланган 10:29 10.06.2018)
Жумушчулар ремонт иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 11-12-июнь күндөрү газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Газ берүү төмөнкү аймактарда үзгүлтүккө учурайт:

— Щербаков, Боталиев, Сеченов, Ак-Тилек, Элебесов көчөлөрүнүн жана Эркиндик проспектисинин аймагы;

— Эркиндик, Жибек-Жолу проспектилери, Абрахманов, Мичурин көчөлөрү жана Александровский туюк көчөсү;

Ошондой эле 11-июнь күнү эртең мененки саат 8.00дөн 17.00гө чейин Ленин айылындагы Алматы (№260-304 үйлөрү) менен Набережная көчөсү (№75-84б и 127-171а үйлөрү);

Бул күндөрү жумушчулар ремонт иштерин жүргүзөт.

118
Белгилер:
көчө, газ, Бишкек
Тема боюнча
Сыдыков: кыргыз-кытай газ түтүгү Алай менен Чоң-Алайды бөлбөйт
Бишкектин бир катар көчөлөрү 9-июнда жарыксыз калат. Тизме