Бишкек милициясы "уурдалды" делген кызды тапты

© AFP / SEBASTIEN BOZONКол кармашып бараткан кыз жана бала. Архив
Кол кармашып бараткан кыз жана бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызды унаага салып кеткен адамды көргөндөр аны уурдап кетти деп ойлоп милицияга чалган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Милиция белгисиз адамдар уурдап кетти делген кызды тапканын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Бүгүн, 9-июнда саат 17.30дар чамасында укук коргоо органдарына борбор калаадагы сулуулук салондордун биринен чыккан кызды белгисиз кишилер күч колдонуу менен унаага салып кеткени кабарланган. 

"Көрсө кыз менен чогуу жашаган киши аны менен сүйлөшүү үчүн келип, андан соң бирге кетишкен. Сулуулук салондун администраторуна кызды уурдап кеткендей көрүнүптүр", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле учурда кыз аман-эсен жана эч кимге дооматы жок экени кошумчаланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0