Өздөрүн Кудай сезет! Дарыгерлер кыжырды кайнатканда

© AP Photo / Ivan SekretarevБольница в Бишкеке
Больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жериң ооруса биринчи эле оозуңа Кудай келип, көзүңөн дарыгер учат эмеспи. Өмүргө өмүр кошуп, ден соолугубузду караган ак халатчандар бар болсун. Бирок арасында адамдын дартын дарылагандын ордуна ого бетер оорутуп, урушуп, керсейип анан калса өзүн Кудай сезип алгандар бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет калаа тургундарынын жардамы менен айрым дарыгерлердин кыжырга тийген учурларын тизмектеп чыкты.

Кайдыгер дарыгерлер. Жаның кыйналып, эптеп ооруканага келсең "тиги документти бүтүр, буга кол койдур" деп сени көрбөй эле сырттан чыгарып жиберген ак халатчандар аман болсун. "Чыдабай жатам, карап берип коюңуз" деп кайрылсаң "азыр өлбөйсүң" деп басып кеткенде айтарга сөз гана таппай каласың да. Адам өмүрү буларга эмне оюнчук болуп калганбы?…

Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Талап кылганды эле билесиңер! Депутаттар кыжырды кайнатканда
Акчаны жакшы көргөндөр же "алкымы" чоңдор. Мындай ак халатчандарды көргөндө "салык кызматында эле иштесе болмок экен" деген ойго келесиң. Себеби алар бейтапты көргөнүнө, ооруканага жаткырганына, ийнесине, дарысына акча алып атып айлаңды кетирет. Түшүнөбүз, дарыгерлердин айлык акысы аз, бирок бейтаптын баары ишкер эмес да, баскан-турганына акча төлөй бергидей.

Эки жүздүүлөр. Чөнтөгү калыңыраак адам кайрылса, алды артынан түшүп оорубаган жагын да карап ийишет. Кокус акчасы жок, айылдан келген же жупуну кийинген бирөө барып калса, кагып-силкип "ушундай абалга келгиче жүрө бердиңби, эртең кел, бүрсүгүнү кел" деп керсейип коет. Кесибине таянып өзүн Кудай сезип алгандар жанды гана кашайтат го, чиркин!

Кезек күттүргөндү жакшы көргөндөр. Бир бейтапты "10 саат" карайт. Шашпай караганы деле жакшы деңизчи, бирок айрымдары жөн эле жомок айтышып отуруп алат. Анан калса иш бөлмөсүн бекитип "жоголуп" кетет. Анысы аз келгенсип тааныштарын кезекке карабай алып кирип кеткенде, каның кайнабай койбойт экен.

Орой дарыгерлер. Буларга "бир жерим ооруп атат" деп айткандан коркосуң. Ооруп жаткан адамга жакшы сөздөн өтөр дары жок эмеспи, бирок мындай урушчаак, орой ак халатчандар адамды айыктырмак тургай кайра оорутат. Дарыгер деген кичине боорукер болгону жакшы го.

Жаңылыктар түрмөгү
0