Балдар акыны Асек Казиев дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстеликке коюлган гүлдөр. Архив
Эстеликке коюлган гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казиевди Чыңгыз Айтматов каза болгон күнү жерге беришти.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Балдар акыны Асек Казиев кайтыш болуп, 10-июнда жерге берилди. Бул туурасында Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов Sputnik маалымат агенттигине кабарлады.

Жазуучу 9-июнда оорудан көз жумган.

"Казиев ооруп жүргөн. 9-июнда 67 жашында дүйнө салып, эртеси 10-июнда жерге берилди. Ал абдан таланттуу инсан эле. Китептеринде ак пейилдик менен акылмандык сезилип турчу", — деди Рыскулов.

Казиев Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү эле. Өмүрүндө балдар үчүн 30га чукул китеп жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0