15-июндан тарта Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт

Жазылуу
Чоңдор үчүн билет баасы 69 сомду түздө, балдарга (5-10 жаш) 34 сомдон төлөөгө туура келет.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. 15-июндан тарта "Бишкек — Балыкчы" каттамы менен поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

15-июндан 29-июлга чейин поезд жума жана дем алыш күндөрү жүрсө, 30-июлдан 10-сентябра чейин күн сайын каттайт.

№608 поезд Бишкектен 06.25те чыгып, Балыкчыга 11.20да жетет.

№609 поезд Балыкчыдан 17.08де чыгып, Бишкекке 21.56да жетип калат.

Чоңдор үчүн билет баасы 69 сомду түздө, балдарга (5-10 жаш) 34 сомдон төлөөгө туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0