Абылгазиев Бишкек жана Ошко Times Square менен Арбаттай көчө түзмөй болду

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью Йорк
Города мира. Нью Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитеттерге жөө адамдар өтө турган аймакты түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу үчүн бир ай мөөнөт берилди.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек менен Ош шаарларына жөө адамдар үчүн атайын көчөлөрдү түзүү мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Калаа мэрияларына атайын зонаны түзүү шарттарын карап чыгуу үчүн бир ай мөөнөт берилди. Билдирмеге караганда, дүйнөнүн көптөгөн ири шаарларында туризмдин борборуна айланган атайын көчөлөр бар.

"Көп функциялуу жөө адамдар үчүн түзүлгөн көчөлөрдө улуттук колориттеги сувенирлердин, кол өнөрчүлөрдүн жана темир усталардын эмгектеринин болушу туристтерди өзүнө тартып турат. Ошол эле учурда мындай көчөлөр жарандардын эс алуучу борборуна айланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөттүн маалымат кызматы Нью-Йорктогу Times Square менен Москвадагы Арбатты мисал катары келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0