Ошондон бери коомдук активисттер, аттуу-баштуу инсандар мындан ары кыздардын тагдыры талкаланбасын деген максатта ар кандай акцияларды уюштуруп жатат.
Ал эми блогер, пиар адис жана продюсер Азим Азимов "Ала качуу" аттуу кыска метраждуу тасмасын тартуулады.
Жарыкка чыгары менен эл оозуна алынган тасманын режиссеру Sputnik Кыргызстан агенттигине баш багып, фильмдеги урунттуу учурлар тууралуу маек куруп берди.
— "Ала качуу" мурдараак тартылганы көрүнүп турат. Толук кандуу, чоң тасма катары пландадыңар беле?
— Ооба, ушул жылдын жаз айларында тартканбыз. Башында эле кыска метраждуу фильм катары пландалган. Өзүмдүн студиям бар, ал жакта ай сайын ар кандай темада роликтерди тартып турабыз. Бул катардагы долбоорлордун бири болмок. Монтаж иштери бүтө жаздап калганда Бурулайдын окуясы болуп кетти. Таң калганыбыз — биздин каарманыбыз менен Бурулайдын тагдырында окшош жерлер бар. Мисалы, милициянын өз учурунда келбей калганы сыяктуу.
— Ташып кеткен камыр, кайнай берип какшыган чайнекке караганда сиз Ажардын (тасманын башкы каарманы — ред.) турмушка даяр эместигин көрсөткүңүз келген окшойт?
— Туура, Ажар мектепти бүтө элек, дагы деле бала мүнөз. Музыкага жакын, ырдагысы келет. Алдына койгон көп пландары бар. Кароо сынактан жеңгиси келет. Ажар деген аты кадимки Касымалы Баялиновдун "Ажар" чыгармасынан алынды. Экөөнүн тагдырынын айрым жерлери окшошуп кетип жатпайбы. Апасынын аты — Кыял, ал кызына карата жакшы кыялдары бар, көп нерседен үмүттөнөт.
— Кыздын апасы менен кошунасы Баатырдын милицияга барып, аларды ордунан таппай калганы дагы чыныгы турмушка аябай окшошуптур…
— Экөө милицияга баргандагы сцена тасманын абдан маанилүү жерлеринин бири болду. Мисалы, Баатыр милиция менен телефондон сүйлөшүп жатканда "Кыз ала качуу кылмыш эмеспи?" деп айтып жатпайбы. Мындай сөз сценарийде жок болчу. Бул жерде таланттуу актер Уланбек Султангазиевдин импровизациясы болду. Мурда кыз ала качуу кылмыш деген түшүнүк анчалык терең эмес болсо, азыр көз караштар түп-тамыры менен өзгөрдү.
Милиция демекчи, тасма чыккандан кийин айрымдар эмнеге милиция кыз ала качкан балдар менен кол алышып учурашып жатат, аларга маданияттуу мамиле кылат деп сындап жатышат. Мен башында айткандай, кино жазында тартылган. Ал кезде кыз ала качууга көз караш азыркыдан башкачараак болчу. Азыр ал эпизод башкача тартылмак.
— Ала качууга дуушар болгон кызга, анын жакындарына босогого жата калган апалар сыйкырдуу күчтөй таасир этет эмеспи. Ичинде кан жутуп турса дагы, энени аттабайт деген түшүнүктү жеңе албай кала беришет. Бирок сиздин тасмада кошуна байкеси жаш кызды каргышка калтырбай, көтөрүп өтүп кеткени сонун чечим болуптур…
— Кызды көтөрүп өтүү идеясы кайдан келди? Же мурда бир жактан көрдүңүз беле?
— Ажарды Баатыр колуна алып өтүп кетиши аны каргыштан сактап калуу үчүн гана жасалган жок. Мен бул жерден таптакыр башка идеяны бергим келген. Аялдардын кордолуп жатканынын башкы "булактарынын" бири эркектер эмеспи. Зомбулуктун жоюлуусу үчүн аялзатынын гана эмес, эркектин дагы каалоосу, аракети болушу керек дегенди айткыбыз келген. Экинчиден, Ажар "Аялзатын азапка салбачы…" деген саптарды ырдайт. Бул кордолгон аялдардын эркектерге кайрылуу гимни сыяктуу.
Бирок бул жерде айрымдар гендер маселесин козгоп, эркексиз аялдар максатына жете албагандай кылып коюптурсуңар деп жатышат. Тасма биринчиден кыздар үчүн эмес, эркектерге арналган. Анткени ала качып келгендер — эркектер да.
— Өзүңүз кыз ала качууга катыштыңыз беле?
— Жок, катышкан эмесмин. Үч жыл сүйлөшүп жүрүп үйнөндүм. Бирок менин тааныштарымдын дээрлик бардыгы эле катышыптыр. Тамсаны тартаар алдында айылдагы жоро-жолдошторго чалып, ала качуунун табиятын иликтеп көрдүм. Мисалы, ала качууга кантип даярданышат, кызды алгач кайсы жакка алып барышат дегендей… Балдар Бурулайдын окуясынан кийин "ала качууга катышкам" деген сөздү айтуудан уялып баратышат. Бул чоң жылыш, ушунчалык трагедиялуу окуянын бир жылт эткен оң таасири. Бурулай бир коомду өзгөртө алды деп ойлойм.
— Ала качуунун табиятын иликтеп көрдүм деп жатпайсызбы. Бул жат көрүнүштүн азыркы күндөгү бирден-бир себептери эмнеде болуп жатат деп ойлойсуз?
Учурда этнограф, диний ишмерлер, тарыхчы сыяктуу оозунда сөзү бар адамдар кыз ала качуу деген салт жок деп айтып жатышат. Бул абдан жакшы көрүнүш, биз тасманы тарткан март айындагы түшүнүктөр менен азыркы аң-сезим такыр башкача.
— Ушул жаатта дагы тасма же ролик тартуу пландарыңыз барбы?
— Август айына чейин дагы бир кино тарталы деп жатабыз. Азыркы аталышы — "Жайлоодогу окуя". Бул дагы зомбулукка байланыштуу тема. Чабан келин 12 жаштагы баласы менен жайлоодо жашайт, күйөөсү жанында болбойт. Бир күнү уурулар келип, малына кол салып, келиндин өзүн зордуктоого аракет кылышат. Бул жерде биз алар жашаган боз үйдү Кыргызстанга салыштырып жатабыз. Анткени азыр айылдарда Айтматовдун повесттериндегидей эле карыялар, жаш балдар жана келиндер калышкан.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектепке спорт зал жана ашкана куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткен. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерин баштоо үчүн 2015-жылы тендер өткөрүлүп, жеңүүчү компанияга 24 млн. 202 миң 850 сом алдын ала төлөнгөн.
"Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жеңүүчү компанияга акча каражаты толугу менен которулуп, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектептин спорт залын жана ашканасын куруу иштери токтоп калган. Натыйжада мамлекетке 6 млн. 382 миң 225 сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп жазылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.