Элчи Ниязалиев Катардын балбандары менен жаачыларын Көчмөндөр оюнуна чакырды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Бокс жана күрөш федерациясынын президенти Юсуф Али Аль-Казим жана Ок жана жаа атуу спорттору ассоциациясынын президенти Али Мохаммед Аль-Кувари менен жолугушуу учурунда
Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Бокс жана күрөш федерациясынын президенти Юсуф Али Аль-Казим жана Ок жана жаа атуу спорттору ассоциациясынын президенти Али Мохаммед Аль-Кувари менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломат Катардын спорт федерациясынын өкүлдөрү менен жолуккан

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Катарлык балбандар менен жаачылар Көчмөндөр оюнуна чакырылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Бокс жана күрөш федерациясынын президенти Юсуф Али Аль-Казим жана Ок жана жаа атуу спорттору ассоциациясынын президенти Али Мохаммед Аль-Кувари менен жолугушкан.

"Элчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, анын тарыхы жана максаты тууралуу атайын презентация жасап, этно спорттун түрлөрү жана эрежелери боюнча кеңири маалымат берди. Ал катарлык спортчуларды III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өтө турган күрөш, салттуу жаа атуу жана салбуурун сыяктуу улуттук оюндарга катышууга үндөдү. Спорт федерациясынын өкүлдөрү чакырууну ыраазычылык менен кабыл алып, мелдештерге катышууга кызыкдар экенин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү бекитилип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилди. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0