БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясындагы эркинен ажырагандар жарыялаган нааразылыгынан жана буга чейин койгон талаптарынан баш тартты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Жума күнү, аталган колониядан 59 киши ачкачылык жарыялап, алардын ичинен 10у оозун тигип алган.
Эркинен ажырагандар аларды кармоо режимин өзгөртүүнү талап кылган (камерадан лагердикке). Ошондой эле камеранын шарты менен мекеменин айрым кызматкерлерине арызданган.
"Бүгүн болжол менен саат 21.15 чамасында алар кармаган ачкачылыктан баш тартып, тамак иче башташты. Биздин психологдор алар менен иш алып барууда", — деп айтышты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан.
Ведомстводон камалгандардын ден соолугу канаттандырарлык абалда экендигин кошумчалашты.
Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталат. Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат. Андан соң Чүй облусундагы сууга чөмүлүп чыгышат.
Крещение майрамын ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгилешет. Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип сууга түшүп кетчү.
Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
Кудайга сыйынып жаткан аял
Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
Дин кызматкери зыярат учурунда
Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.