"Активист" үндүктөрдүн кукулуктаган видеосу соцтармакты күлкүгө бөлөдү

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүҮндүк. Архив
Үндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеону көргөндөр үндүктүрдү митингге алып чыгыш керектигин айтып тамашага салышкан

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Facebook тармагында кукулуктаган үндүктөрдүн күлкүлүү видеосу жарыяланды.

Россиялык белгилүү теле алып баруучу Максим Галкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: шымы жок калган Галкин, кубулжута ырдаган байбиче
Үндүктөр видеого тартып жаткан кишинин сөзүн сүрөп тургандай болду. Ал киши бери жакта туруп "Кочкор үчүн! Кыргыз эли үчүн! Алдыга!" деп сүйлөгөн сайын ар сөзүнүн ортосунда хор менен кукулуктап турганын көрүүгө болот.

Муну интернет колдонуучулары ар кандай сыпаттап жатышат. Бири активист үндүктөр экен десе, башкалары митингге алып чыгыш керек, аягына чейин туруп берет деп тамаша иретинде комментарий жазышкан.

Видеонун качан жана кайда тартылганы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0