Ноокатта аң-чөнөктөргө толгон суунун үстүнө асфальт төшөлүп жатат. Сүрөт, видео

© Фото / Медербек БотояровРемонт дороги в Ноокатском районе
Ремонт дороги в Ноокатском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай иштер Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 50-чакырымында Ноокат районунун Бел-Кайрагач айылында жасалып жаткан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Оштун Ноокатында унаа жолдун аң-чөнөктөрүнө толгон сууну тазалабай туруп, анын үстүнө асфальт төшөп жатышат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө Медербек Ботояров билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер Ош — Баткен — Исфана жолунун 50-чакырымында Ноокат районунун Бел-Кайрагач айылында жасалып жаткан. Жумушчулар күн мурунтан буюртма берип асфальтты алып келип алгандыктан сууга карабай төшөп жатышканын билдиришкен.

"Бир күн мурда жамгыр жааган болчу. Баратсам КамАздан асфальт түшүрүп аң-чөнөктөрдүн ичиндеги сууну тазалап, кургатпай эле төшөп жатышат. Өтүп барып токтогондо, алдыдагы аңдарга май төгүп койгонун көрдүм. Алардын ичинде суу толуп турат. Сүрөт, видеого тартып жумушчулардан мунун себебин сурасам "ооба, кургатыш керек эле, бирок биз асфальтты бүгүнкүгө буюртма берип койгонбуз", деди. Анан ары жактан бир киши келип телефонумду жулуп алайын деди. Кайра мени коркутуп унаамдын номерин жазып калып "сен менен дагы сүйлөшөм" деди. Алар менен чырдашып атып, асфальт төшөп жаткан жерлерди тартпай калыптырмын. Шашылыш жумуштарым менен бара жаткандыктан, көпкө турбай эле кетип калдым", — деди Ботояров.

Бул боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги так түшүндүрмө бере алган жок. Бирок иш убактысы аяктар алдында бир кызматкер ушул ишке байланыштуу иштен алынганын кабарлашты.

Состояние Бишкекских дорог, отремонтированных в прошлом году - Sputnik Кыргызстан
Элди нааразы кылган Бишкектин жолдору. Аны ким текшерип, кантип кабыл алат?
Билдирмеге караганда, жогорудагы автожолду №37 жол тейлөө мекемеси оңдоп жатат.

"Оңдоо иштеринде келтирилген кемчиликтери үчүн жол мастери Тыныбек Мырзалиев ээлеген ордунан бошотулуп, анын ордуна башкы инженер Мансуридин Кадыров которулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай чечимди Ош — Сарыташ — Эркечтам автожолдору башкармалыгынын башчысы чыгарган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн байланышууга жасаган аракетибизден майнап чыкпады.

Жаңылыктар түрмөгү
0