Ажыга барчуларды эмдөө 10 күнгө созулат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ажыга барчуларды эмдөө 18-июндан 29-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

"Зыяратчыларды эмдөө пунктулары өлкө аймагындагы бардык облустардын ооруну алдын алуу борборлорунда жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыктарында жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

 Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн. Ал эми муфтият ажылыктын баасы 2890 долларды түзгөнүн билдирген.

Ал эми ажыларды Flaynas авиакомпаниясы ташыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0