Жаштар. Архивдик сүрөт

Бишкекте "Мен көчмөнмүн" аттуу форум өтөт

51
(жаңыланган 15:04 13.06.2018)
Катчылыктан форумдун максаты жаштарды быйыл өтө турган көчмөндөрдүн оюнун активдүү колдоого чакыруу экенин айтышты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын колдоо максатында жаштардын "I am Nomad" ("Мен көчмөнмүн") аттуу форуму болот. Бул туурасында аталган оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктан кабарлашты.

"I am Nomad" иш-чарасы Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинде 22-июнда өтөт.

Форумга шоу-бизнестеги төбөсү көрүнгөн адамдар, белгилүү вайнерлер, инстаграммдагы аккаунттардын атактуу ээлери жана активисттер катышат. Талкуу учурунда иш-чаранын уюштуруучулары, атактуу жана активдүү жаштар көчмөндөр оюндары тууралуу айтып, маалымат беришет. Андан сырткары, шоу-программа уюштурулат.

Катчылыктан форумдун максаты жаштарды быйыл өтө турган көчмөндөрдүн оюнун активдүү колдоого чакыруу экенин айтышты.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү бекитилип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилди. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

51
Белгилер:
катчылык, жаштар, форум, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Тема:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (41)
Тема боюнча
Кытайдын CCTV телеканалы Көчмөндөр оюндарын чагылдырат
Көчмөндөр дүйнөсүнө сүңгүп... Бишкекте улуттук оюндардын фестивалы өтөт
Боронбаев: Көчмөндөр оюнуна костюмдарды ата мекендик уздар даярдайт
Көчмөндөр оюну: форманын мыкты дизайнына сынак жарыяланды
Пикирлер