Акция против кражи невест в Караколе

Караколдо кыздарды ала качууга каршы акция өттү

37
(жаңыланган 17:25 13.06.2018)
Акциянын катышуучулары ала качуу кылмыш экенин белгилеп өтүштү.

Ысык-Көл, 13-июн. — Sputnik. Каракол шаарында кыздарды зордоп ала качууга каршы акция уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара ала качууга туш болуп, кийин милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдалиеванын элесине арналып уюштурулган. Ага шаардагы жарандык коомдун өкүлдөрү жана жаш кыздар катышкан.

  • Акция против кражи невест в Караколе
    Каракол шаарында кыздарды зордоп ала качууга каршы акция уюштурулду
    © Sputnik
  • Акция против кражи невест в Караколе
    Иш-чара ала качууга туш болуп, кийин милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдалиеванын элесине арналып уюштурулган.
    © Sputnik
1 / 2
© Sputnik
Каракол шаарында кыздарды зордоп ала качууга каршы акция уюштурулду

"Мамлекетибиздеги бардык жарандар сыяктуу эле бизди дагы Бурулайдын тагдыры кабатыр кылууда. Андыктан, коомчулуктун назарын ушул маселеге буруу максатында тынчтык жүрүшүнө чыктык. Кыздарды мажбурлап никеге тургузууга каршыбыз", — деди акциянын катышуучусу Замира Оторбаева.

Ал эми 18 жаштагы Динара Сеитова эгер аны кимдир бирөө ала качып кетсе, эч убакта макул болбостугун белгиледи.

37
Белгилер:
акция, Каракол, Ысык-Көл
Тема боюнча
Режиссер Азимов: "Ала качуудан" кийин босогодогу кемпирди аттап өткүлө дегендер болду
Сүйгөнүн эки ирет ала качтырып... Жигиттер, сүйүп, сүйүктүү болуп жашайлычы!
Бурулайдын элесине... Кыз ала качуу тууралуу тасма тартылды. Видео
16 жашында ала качуунун азабына калган келин: үч ирет атайын боюман түшүрдүм
Пикирлер