Абдылдаев: өлкө жетекчилеринин машиналары эмнеге катуу жүрөт?

Жазылуу
Ички иштер министри шаардан чыккандан кийин эң катуу ылдамдык саатына 90 чакырымдан ашпашы керектигин билдирди.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев эмне үчүн эскорт менен жүргөн мамлекет жетекчилери бараткан машиналар катуу жүрүп жатканына кызыкты.

Работа сотрудников патрульной милиции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ИИМ жол эрежесин бузгандарга салынчу максималдуу айыптын суммасын атады
Бүгүн Жогорку Кеңеште "Өкмөттүк саат" өтүп жатат, анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жолдору каралып жатат.

Абдылдаев жетекчилерди коштоп бараткан машиналар шаарда, шаардан чыккандан кийин канча ылдамдык менен жүрүшү керектигин сурады.

ИИМдин өкүлү коштогон автоунаалар ылдамдыкты саатына 90-100 чакырымдан ашырбашы керектигин айтты.

Депутат "анда эмнеге алар 140-150 чакырым ылдамдык менен жүрөт" деп суроо салды.

Өз кезегинде ИИМдин өкүлү "андай жок" деп жооп кайтарды.

Абдылдаев ошондой эле шаарда жетекчилердин машиналары жолдорду жаап коюп, 120-130 чакырым менен жүргөнүн айтты.

ИИМ өкүлү учурда андай жок экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө жол эртең менен кечинде жабылган жок. Машиналар жалпы агым боюнча эле өткөрүлүп жатат", — деди ал.

Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Боронов "Коопсуз шаар" долбоору качан ишке ашырыла турганын айтты
Депутат өзү да учурунда жетекчилик кызматта иштегенин жана мындай нерселерге жол бербей, ылдамдыкты 90 чакырымдан ашырбаганын белгиледи.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шаардан чыккандан кийин эң катуу ылдамдык саатына 90 чакырым гана болуш керектигин, шаар ичинде жүргөндө президент да, премьер да эскорттон баш тартканын кошумчалады.

Өз кезегинде Абдылдаев трассада бардык жаран бирдей укукка ээ экенин жана коопсуздукту бирдей сакташы керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0