Биз анын келгенин билген эмеспиз. Туризм департаменти Костя Цзю тууралуу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүБаскетбол. Евролига. Матч ЦСКА - "Реал"
Баскетбол. Евролига. Матч ЦСКА - Реал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөгө таанымал боксчу Константин Цзю өткөн дүйшөмбүдө Кыргызстандан учуп кетти.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө жылдызы Константин Цзю Кыргызстанга келгени тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин алдындагы Туризм департаменти кабардар болгон эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган департаменттен билдиришти.

"Константин Цзю спортчу досторунун чакыруусу менен аз убакытка Кыргызстанга келип эс алган. Бул боюнча биз ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билип калдык. Мындан сырткары, департаменттин директору дагы АКШда командировкада болуп, ушул жумада эле келди", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Константин Цзю өзүнүн Instagram баракчасына Ысык-Көлдө жүргөн видеосун жүктөгөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0