Лебединовкада кулчулукта жүрөм! Шымдын резинкасындагы жазуу элди дүрбөттү

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүШвея. Архив
Швея. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда шымдын резинкасына жазылган кат кызуу талкууга алынды.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Интернетте балдар үчүн тигилген шымдын белиндеги резинкасынан жардам сураган адамдын каты кызуу талкууланып жатат.

Видеодогу аялдын айтымында, ал Кордайдан кызына шым сатып алган. Үйүнө келгенде тар келип калгандыктан сөгүп туруп кайра тигейин деген. Ошол маалда шымдын резинкасынан кат табылган. Анда "жардам бергиле, мен кулчулуктамын. Лебединовка району" деп жазылып турган.

Социалдык тармактын колдонуучулары сөз Чүй облусундагы Лебединовка айылы тууралуу болуп жатканын болжошууда.

Чүй ОИИББ аталган видеону Аламүдүн райондук укук коргоо органдары иликтеп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0