Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеевдин архивдик сүрөтү

Депутат Нурланбек Кадыкеевдин өлүмүнө эмне оору себеп болгону айтылды

3062
(жаңыланган 09:10 14.06.2018)
Кесиптеши Кадыкеев жума күнү, 15-июнда, жерге берилерин кошумчалады.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеевдин каза болушуна Түркиянын ооруканасында кармаган жүрөк оорусу себеп болду. Бул туурасында ЖКдагы "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кесиптешибиз Нурланбек Кадыкеевич түндө саат он бирлерге чукул Стамбулдагы ооруканалардын биринде жүрөгү кармап көз жуумптур. Сөөгү эртең Кыргызстанга алып келинет", — деди Эргешов.

Ал Кадыкеев жума күнү, 15-июнда, жерге берилерин кошумчалады.

Эстеликке коюлган гүлдөр. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 48 жаштагы депутаты Нурланбек Кадыкеев (Макеев) түндө Түркияда көз жумгандыгы кабарланган.

Ал 2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Ага чейин 2005-жылдан 2010-жылга дейре "Манас" бажыканасынын начальниги болуп иштеген.

Маркумдун жардамчысы ал буга чейин Макеев деп аталган фамилиясын өз атасынын атына Кадыкеев деп өзгөрткөндүгүн айтты.

3062
Белгилер:
операция, ашказан, оору, депутат, Жогорку Кеңеш, Алмазбек Эргешов, Нурланбек Кадыкеев, Түркия
Тема боюнча
ЖК депутаты Нурланбек Кадыкеев түндө Түркияда көз жумду
Пикирлер