"1000 түркүн" дүкөнүнүн алдындагы 9 миң сомдук көчөттөр куурап калды. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБорбор калаанын Чүй проспектисиндеги "1000 түркүн" дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү куурап калды
Борбор калаанын Чүй проспектисиндеги 1000 түркүн дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү куурап калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы көчөттөр Чүй проспектисинде Гоголь көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүккө отургузулган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Борбор калаанын Чүй проспектисиндеги "1000 түркүн" дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү куурап калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, соолуп калган бактардын сүрөттөрүн салган.

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБорбор калаанын Чүй проспектисиндеги "1000 түркүн" дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү куурап калды
Борбор калаанын Чүй проспектисиндеги 1000 түркүн дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү куурап калды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Борбор калаанын Чүй проспектисиндеги "1000 түркүн" дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү куурап калды
© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуЖаңы көчөттөр Чүй проспектисинде Гоголь көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүккө отургузулган
Жаңы көчөттөр Чүй проспектисинде Гоголь көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүккө отургузулган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жаңы көчөттөр Чүй проспектисинде Гоголь көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүккө отургузулган
© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу"Зеленхоз" ишканасы көчөттөр чындап эле куурай баштаганын тастыктап, ал жерге 4500-9000 сомго чейинки бактар тигилгенин билдирди.
Зеленхоз ишканасы көчөттөр чындап эле куурай баштаганын тастыктап, ал жерге 4500-9000 сомго чейинки бактар тигилгенин билдирди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Зеленхоз" ишканасы көчөттөр чындап эле куурай баштаганын тастыктап, ал жерге 4500-9000 сомго чейинки бактар тигилгенин билдирди.
1/3
Борбор калаанын Чүй проспектисиндеги "1000 түркүн" дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү куурап калды
2/3
Жаңы көчөттөр Чүй проспектисинде Гоголь көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүккө отургузулган
3/3
"Зеленхоз" ишканасы көчөттөр чындап эле куурай баштаганын тастыктап, ал жерге 4500-9000 сомго чейинки бактар тигилгенин билдирди.

Күбөнүн айтымында, жаңы көчөттөр Чүй проспектисинде Гоголь көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүккө отургузулган.

"Мэрия отургузган 9000 сомдук көчөттөрдүн 90 пайызы куурап калды. Жакшы эле жапжашыл болуп өсүп жаткан, эми күндө суу куйгандарына карабай жалбырактары соолуй баштады", — деди күбө.

"Зеленхоз" ишканасы көчөттөр чындап эле куурай баштаганын тастыктап, ал жерге 4500-9000 сомго чейинки бактар тигилгенин билдирди.

"Калаадагы куурап калган көчөттүн баарын чекесинен алмаштырып келе жатабыз. Жакын арада "1000 түркүн" дүкөнүнүн алдындагы куурап калган бактар дагы алмаштырылат. Көчөттүн баарын келишим түзүлгөн "Арт Грин" компаниясы акысыз бермекчи", — дешти ишкананын маалымат кызматынан.

МП Зеленхоз при мэрии Бишкека выращивает собственные саженцы - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы эки жылдан кийин көчөт отургузбай турган болду
Жакында эле калаадагы куурап калган 9000 сомдук көчөттүн 31и жаңыланды.

Белгилей кетсек, мэрия чет өлкөдөн жалпы баасы 13 миллион 763 миң сомдук көчөттөрдү сатып алган. Наркына нааразы болгон коомчулукка "Зеленхоз" себебин да түшүндүрүп берген.

Кийинчерээк Sputnik Кыргызстан агенттиги 9000 сомдук көчөттөрдү видеого тартып жүрүп, көбү куурап калганына күбө болгон. Көп өтпөй УКМК мэрия тарабынан ар бири 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0