Ошто көп балалуу энелерге "Баатыр эне" ордени тапшырылды

© Фото / Зульфия ТургуноваВручение многодетным матерям орден "Баатыр эне" и "Эне даңкы" в Оше
Вручение многодетным матерям орден Баатыр эне и Эне даңкы в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында жалпысынан 700гө жакын баатыр эне бар.

ОШ, 13-июн. — Sputnik. Бүгүн, 13-июнь күнү, Ош шаарындагы көп балалуу энелер "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" төш белгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Буга чейин Энелер күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков 1354 аялга "Баатыр эне" ордени, 454 аялга "Эне даңкы" медалы берүү боюнча Жарлыкка кол койгон.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы көп балалуу энелер "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" төш белгиси менен сыйланышты.
Ош шаарындагы көп балалуу энелер Баатыр эне ордени жана Эне даңкы төш белгиси менен сыйланышты. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош шаарындагы көп балалуу энелер "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" төш белгиси менен сыйланышты.
© Фото / Зульфия ТургуноваСыйлыктарды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, эненин баркына жетүү ар бир инсандын милдети экенин белгилеп өттү.
Сыйлыктарды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, эненин баркына жетүү ар бир инсандын милдети экенин белгилеп өттү. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Сыйлыктарды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, эненин баркына жетүү ар бир инсандын милдети экенин белгилеп өттү.
1/2
Ош шаарындагы көп балалуу энелер "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" төш белгиси менен сыйланышты.
2/2
Сыйлыктарды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, эненин баркына жетүү ар бир инсандын милдети экенин белгилеп өттү.

Сыйлыктарды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, эненин баркына жетүү ар бир инсандын милдети экенин белгилеп өттү.

"Энелер — нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Дени сак улут эне аркылуу калыптанат. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет. Адам баласы төрөлгөндөн тарта өмүрүнүн акырына чейин "Эне" деген сөздү ооздон түшүрбөйт. Кубансак кубанычыбызга, кайгырсак кайгыга ортоктош, бассак-турсак өз мээримине бөлөгөн энелер ар дайым бар болсун", — деди Кадырбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди Баатыр Эне ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Манас Ниязов баштаган мыкты уул-кыздардын энелерин сыйлады
Ошондой эле иш-чарада 14 энеге "Баатыр эне" ордени, дагы 15 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды.

Ош шаарында жалпысынан 700гө жакын баатыр эне бар.

Эскерте кетсек, "Баатыр эне" ордени жети же андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган аялга берилсе, "Эне даңкы медалы" алты баланы чоңойткон аялга ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0