Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун архивдик сүрөт

Мэр Албек Ибраимов УКМКда сурак берип жатат

321
(жаңыланган 10:20 14.06.2018)
Калаа мэри бүгүн күбө катары суракка чакырылган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов УКМКда сурак берип жатат. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Ибраимов мурда козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган.

Эске салсак, 30-май күнү УКМК 2012-жылы Албек Ибраимов төрагалык кылган "ТНК Дастан" ААКсындагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголгонун жар салган.

321
Белгилер:
УКМК, Албек Ибраимов
Тема боюнча
УКМК козгогон кылмыш ишинде Албек Ибраимов фигурант болууда
Пикирлер