Милиция кызматкерлери. Архив

Айттан улам милиция катуу тартипке өтүп, бир катар көчөлөр жабылмай болду

135
(жаңыланган 17:23 14.06.2018)
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бишкектик айдоочулар жүрүү багытын алдын ала пландап алышы керектигин эскертти.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы толугу менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү. Бул тууралуу ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай кадам Орозо айттан улам жасалууда. Коомдук тартипке 15-июнь күнү 1,5 миңден ашуун милиция кызматкери көз салат.

Мындан тышкары, Айт намазга карата эски аянттын айланасындагы көчөлөргө жол кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизмекчи:

— Чүй проспектиси, Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин;

— Абдымомунов көчөсү, Абдрахмановдон Тоголок Молдого чейин;

— Фрунзе көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин;

— Тыныстанов көчөсү, Фрунзеден Абдымомуновго чейин;

— Эркиндик бульвары, Фрунзеден Абдымомуновго чейин;

— Логвиненко көчөсү, Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин.

Шаардык милиция Айт намаз учурунда көлөмдүү, учтуу буюмдарды, курал-жарак, салют, фейерверктерди алып өтүүгө тыюу салынарын эскертет.

135
Белгилер:
Айт намаз, милиция, Бишкек
Тема:
Орозо — 2018 (24)
Тема боюнча
Кыргызстандыктар айттан улам үч күн катары менен эс алмай болду
Сайпиев: кедей-кембагалдын оозун ачыргандар көбүрөөк сооп алат
Пикирлер