Ош: Сулайман-Тоону жамгырлатып сугаруу үчүн 162 түтүк орнотулду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тоонун тескей тарабына да аталган түткүтөрдү орнотуу иши улантылууда.

ОШ, 14-июн. – Sputnik. Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди. Бул тууралуу демилгенин автору "Ошпроектстрой" ишканасынын өкүлү Мухаммед Кааров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди
© Sputnik / Зульфия ТургуноваЭми мындан ары аталган тоонун күңгөй тарабындагы 8 гектар жердеги бак-дарактар тамчылатуу жолу менен сугарылып турат
Эми мындан ары аталган тоонун күңгөй тарабындагы 8 гектар жердеги бак-дарактар тамчылатуу жолу менен сугарылып турат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эми мындан ары аталган тоонун күңгөй тарабындагы 8 гектар жердеги бак-дарактар тамчылатуу жолу менен сугарылып турат
© Sputnik / Зульфия ТургуноваБул ыкма сууну 60 пайызга үнөмдөйт.
Бул ыкма сууну 60 пайызга үнөмдөйт. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул ыкма сууну 60 пайызга үнөмдөйт.
1/3
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди
2/3
Эми мындан ары аталган тоонун күңгөй тарабындагы 8 гектар жердеги бак-дарактар тамчылатуу жолу менен сугарылып турат
3/3
Бул ыкма сууну 60 пайызга үнөмдөйт.

Анын айтымында, эми мындан ары аталган тоонун күңгөй тарабындагы 8 гектар жердеги бак-дарактар тамчылатуу жолу менен сугарылып турат.

"Бул демилге "Ошпроектстрой" ишканасы аркылуу көтөрүлүп, аны "Улар транс" курулуш ишканасы ишке ашырды. Учурда 8 гектар аянт жерге 162 даана түтүк орнотулду. Ага республикалык бюджеттин эсебинен 6 миллион сом акча бөлүндү. Бир учурда 162 түтүктүн баарын иштетүүгө болбойт. 5 түтүк иштетилип, ал 25 метрден 35 метрге чейинки аралыкка сууну чачыратып жер менен кошо бак-дарактар сугарылат. Түтүктөр бир саат бою иштейт. Андан соң башка беш түтүктү иштете баштайбыз", — деди Кааров.

Ал сугаруунун мындай ыкмасы буга чейин чет өлкөдө колдонулуп келген болсо, эми Кыргызстанда да иштей баштагандыгына токтолду. Бул ыкма сууну 60 пайызга үнөмдөйт.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Иманалиев: тамчылатып сугарууну автоматташтырып койсо болот
"Мында атайын түтүктүн жардамы менен өсүмдүккө жана жерге суу жамгырдай чачыратылат. Каптатып сугарууга караганда жамгырлатып сугаруу көп артыкчылыкка ээ. Топурак жана өсүмдүктүн нымдуулугу жакшырып, температурасы төмөндөйт, өсүмдүк жалбырагындагы чаң жуулуп, дем алуусу, сиңириши жакшырат, органикалык заттар көп топтолот. Топуракка ным тез тарайт. Эң башкысы жайкысын Сулайман-Тоону өрт кырсыктарынан сактайт", — деди Кааров.

Ал бул демилгенин экинчи этабы тоонун тескей тарабында улантылып, 7 гектар жерге суу жамгырлатуучу түтүктөр орнотула тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Сулайман-Тоонун жалпы аянты 79 гектарды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0