Абылгазиев былтыр Кыргызстандын чек арасынын канчасы такталганын айтты

Жазылуу
Кыргызстан Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен чектешип, ортодо талашка түшкөн тилкелер бар.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берүүдө.

Өкмөт башчы өз сөзүндө 2017-жылы кыргыз-казак, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасынын кайсы аралыгы такталганы тууралуу маалымат берди.

"Кыргыз-казак чек арасындагы бардык демаркациялык жумуштар бүтүп, азыр ратификацияны сиздер (депутаттар — ред) да карап бердиңиздер. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1170 чакырым жердеги чек ара келишимине кол коюлду. Калган 15 пайызды делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча 60 пайыз чек ара сызыгы же 585 чакырым такталып бүттү", — деди ал.

Белгилей кетсек, Абылгазиев премьерликке быйыл 20-апрелде дайындалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0