Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Президент Жээнбеков Москвага катардагы каттам менен учуп кетти

3158
(жаңыланган 18:31 15.06.2018)
Өлкө башчыны Россияда онго жетпеген адам коштоп жүрөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына катардагы каттам менен учуп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өлкө башчынын маалымат кызматынан тастыкташты.

"Президентти Москва шаарына 6-7 гана адам коштоп баргандыктан, биринчи борттун кызматы колдонулган жок. Өлкө башчы менен чогуу аппарат кызматкерлери жана жансакчылары кетишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушкан соң футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышып алып, түнү менен кайра Кыргызстанга кайтаары айтылды.

Белгилей кетсек, 14-июнда Россияда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды.

Буга чейин президент Жээнбековдун Германия менен Россиянын курама командаларына күйөрман экени белгилүү болгон.

3158
Белгилер:
учак, аба каттам, Сооронбай Жээнбеков, Москва
Тема боюнча
Жээнбеков футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат
Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп кетти
Пикирлер