Бийлик Ат-Башыда шамалдан улам бак басып калган бейтаптардан кабар алды

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос МП "Зеленстрой": почему деревья сохнут выборочно?
Вопрос МП Зеленстрой: почему деревья сохнут выборочно? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандар жубайлар болуп чыкты. Үй ээсинин далысы, ал эми аялынын 12 кабыргасы сынган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башыга барып шамалдын кесепетинен бак басып ооруканада жаткан жубайлардан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык мындан бир жума мурда, 7-июнда, болгон. Кара-Суу айылында секундасына ылдамдыгы 16-18 метрге жеткен шамал болуп, анын айынан кечке маал уй сааганы чыккан Жумагул Абдырахманов менен Гүлбүбү Сыдыкованы бак басып калган. 

© Фото / Пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиӨкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башыга барып шамалдын кесепетинен бак басып ооруканада жаткан жубайлардан кабар алды.
Последствия сильного ветра в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башыга барып шамалдын кесепетинен бак басып ооруканада жаткан жубайлардан кабар алды.

"Кырсыктан үй ээсинин далысы, ал эми аялынын 12 кабыргасы сынып кеткен. Жабырлануучулар Ат-Башы райондук ооруканада дарыланып жатат. Кайыпов дарыгерлерге бейтаптардын ден соолугуна кам көрүп, дайым көзөмөлгө алуусун тапшырды. Жубайлардын тез сакайып кетишин тилек кылып, жардам катары 10 миң сом колдоруна берди", — деп айтылат маалыматта.

Катуу жааган жаандын кесепетинен Баткендин Ак-Татыр, Самаркандек жана Ак-Сай айылдарында сел жүргөн - Sputnik Кыргызстан
Баткенде сел жүрүп, үч айыл жабыркады. Сүрөттөр
Мындан тышкары, Кайыпов кырсык болгон күнү райондук жарандык коргонуу комиссиясы айылга барып, жабыр тарткан турак жайларды көргөнүн, тургундар менен жолугушуулар өткөнүн белгиледи. Чатырлары сыйрылган тамдар камсыздандырылбаган болуп чыкканына кейиген облус башчысы айттырбай келген жаратылыш кырсыгына сабырдуулук менен мамиле кылган айыл элине ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0