Кыргызстанда эркектердин 90 пайызы бала кароо үчүн эмгек өргүүсүнө чыгууга даяр

© Фото / Детский фонд ООН (ЮНИСЕФ)Отпуск для матери и отца в связи с рождением ребенка
Отпуск для матери и отца в связи с рождением ребенка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк өлкөлөрдүн мыйзамдарында эркектерге баласын кароо үчүн бир күн дагы эмгек өргүү алууга жол берилбейт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ) дүйнө мамлекеттерин жаңы эле балалуу болгон ата менен энени төлөнүүчү эмгек өргүү менен камсыздоого чакырды.

Балдар үйүндөгү өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турусбекова: ата-энеси бар туруп 11 миң бала интернатта тарбияланууда
ЮНИСЕФтин анализине караганда, дүйнөдө бир жашка толо элек балдардын дээрлик үчтөн бири, тагыраак айтканда 90 миллионго жакыны мыйзамда аталарга баланы багуу үчүн акы төлөнгөн өргүүгө укугу жок өлкөлөрдө жашайт.

Ымыркайлардын саны жогору болгон Индия менен Нигерияны кошкондо 92 өлкөдө аталарга баланы багуу боюнча акы төлөнгөн өргүүгө чыгууга кепилдик берген улуттук стратегия жок.

Ал эми ымыркайлардын саны жогору болгон башка өлкөлөрдө, анын ичинде Бразилия менен Конго республикасында аталарга кыска мөөнөткө болсо дагы акы төлөнгөн өргүү берилет.

"Ата-энеси же камкордукка алган башка адамдар менен ымыркайдын ортосунда маңыздуу байланыш түзүлсө, баланын ден соолугуна оң таасир тийгизип, аны бактылуу кылат. Мындан улам баланын окууга болгон шыгы артат. Биздин жалпы милдетибиз — ата-энелерге же алардын милдетин аткаргандарга шарт түзүп берүү", — деп ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысынын орун басары Мунир Мамедзаде билдирди.

Кыргызстанда баланын атасы, чоң атасы, чоң энеси, жакын тууганы же иш жүзүндө камкордукка алган тарап бала үч жашка толгонго чейин эмгек өргүүгө чыга алат. Бирок өргүү маалында аларга маяна берилбейт. Ал эми көпчүлүк учурларда үй-бүлөнүн негизги кирешесин эркектер камсыз кылгандыктан, алардын бала багуу үчүн өргүүгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектөөдө.

Кыргызстандын тургундарынын жаш курагы жүз кишинин мисалында алынды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы ар бир үчүнчү жаран — бала. Өлкө тургундарынын жашы кандай
Жаңы баяндаманы ЮНИСЕФ "Суператалар" өнөктүгүнүн алкагында даярдады. Бул өнөктүк балдардын өнүгүүсүндө аталардын жигердүү ролун күчөтүү максатында экинчи жыл катары менен ишке ашырылып келе жатат.

Иш-чаралар 17-июнда белгиленчү Аталар күнүнө карата өткөрүлмөкчү.

БУУнун балдар фондусу 190 мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Кыргыстанда 1994-жылдан тарта иштей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0