Ноокенде жарым кылым мурда орнотулган электр мамычалары жаңыланды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамена старых изоляторов сотрудниками НЭСК
Замена старых изоляторов сотрудниками НЭСК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери район боюнча эскилиги жеткен 50 электр устундары алмаштырылган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 57 жыл мурда тургузулган электр мамычалары алмаштырылды. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Ноокен районунун Арал айылында 1961-жылы орнотулуп, эскилиги жеткен жыгач мамычалар жаңы бетон түркүктөргө алмаштырылды. Жаңы коюлган 15 түркүккө бир чакырым электр чубалгысын тартуу иштери аяктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери район боюнча эскилиги жеткен 50 электр мамычаларды жаңыланган. Бул түркүктөр аркылуу 1714 абонент электр энергиясы менен камсыз болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0