Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Айт маарек болсун! Жээнбеков кыргызстандыктарды куттуктады

178
(жаңыланган 21:41 15.06.2018)
Жээнбеков элге ынтымак, биримдик жана молчулук каалаган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды орозо айт менен куттуктап, мамлекеттин күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө ар бир жарандын салым кошуусу керектигин айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Орозо айында береке жаап, муктаждарга садага берилип, таза тилек менен жасалган иштер арбын болду. Жан дүйнөбүз арууланып, ак ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулдук. Ардактуу мусулмандар! Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын! Бул айда жасаган жакшы иштерибиз коомубуздун ынтымагын бекемдесин!", — айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков элге ынтымак, биримдик жана молчулук каалаган.

"Кыргызстаныбыздын күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө ар бирибиз салым кошолу!", — деген президент.

Кыргызстанда 2018-жылы орозо 17-майда башталып, 14-июнда аяктады.

178
Белгилер:
мамлекет, куттуктоо, Орозо ыйык айы, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Орозо — 2018 (24)
Тема боюнча
Эски аянтта окулган айт намаз — видео
Жумабаев: орозо кармоо менен арыктап же семирсе болот
Айттан улам милиция катуу тартипке өтүп, бир катар көчөлөр жабылмай болду
Пикирлер