Өздөрү эле жипке тизгендей бекен... МАИ кызматкерлери кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Эмиль СадыровКартондон жасалган МАИ кызматкери. Архив
Картондон жасалган МАИ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуулчулардын жол кыймылын көзөмөлдөп турганы эле жакшы. Алар жок "шумахерлер" учура айдап жөө жүргүнчүлөрдүн жүрөгүн түшүрсө, адыраңдаган маршрутка айдоочулар такыр эле эч кимди көзүнө илбей калат.

Бирок МАИ кызматкерлери дагы айрым учурда аша чаап, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып айдоочулардын айласын алты кетирген учурлар катталат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет кайгуулчулардын кыжырга тийген учурларын тизмектеди.

Жашынмак ойногондор. Булардын турган жери да башкача. Бактын артына, так бурулушка, айтор бир кычыкка туруп алып айдоочулардын чөнтөгүн жакшы эле кагышат. Антпесе "олжо" түшпөй калат да. Урматтуу МАИчилер, жол эрежесин бактын ары жагына туруп алып көзөмөлдөбөй эле койгулачы. Жашынып турсаңар жолдо эреже бузулуп жатканын кантип көрөт элеңер?

Больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өздөрүн Кудай сезет! Дарыгерлер кыжырды кайнатканда
Өтө жумшак кайгуулчулар. Активисттердин алдында башын шылкыйтып, кычыраган унаалардын айдоочулары катуу сүйлөп койсо коркуп калган кайгуулчуларга да жин келет. Силер жол тартибин иретке келтирчү органсыңар да, арыдан бери болгулачы!

Топтошкондор. Бир жерге беш-алтыдан МАИчи туруп алат. Мейли бирөө эреже бузгандарды карап, экинчиси протокол толтурсун, калган үч-төртөө эмне иш кылат болду экен…

Алкымы чоңдор. Бети-башы кызарбай эле "айып" алып койгондор. Мамлекеттин казынасына кетсе да "ийи" дейсиң да, сол чөнтөккө солонотуп кеткендери канча. Ичиң "тыз-тыз" этип, айла жок калып каласың.

Адыраңдагандар. Эрежени бузуп алганын ар бир айдоочу эле билсе керек. Ошо күнөөсүн моюндап, сылык-сыпаа сүйлөшүп жатса эле адыраңдап келип бир тийген кайгуулчулар бар. Урматтуулар, чыдамкайлыктын да чеги болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0