Эки кызын эки жакка калтырган. Москвада кырсыктаган таксисттин апасы жана жакындары

© Фото / Тариэл АттокуровМоскванын чок ортосунда автоунаа жөө адамдарды сүзүп кеткен 28 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу
Москванын чок ортосунда автоунаа жөө адамдарды сүзүп кеткен 28 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москванын чок ортосунда автоунаа жөө адамдарды сүзүп кеткен 28 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу эки жылдан бери спорт менен машыгып келген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кырсыкка кириптер болгон Чыңгыз Анарбек уулунун жакындары менен байланышып, ал жөнүндө маалымат алды.

Туугандарынын айтымында, Чыңгыздын Москвада иштеп жүргөнүнө алты жылга чукулдаган. Бала чагынан эле спорт менен машыгып, мелдештерге катышып жүрчү.

Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Чыңгыз Анарбек уулу Аксы районунун Кош-Дөбө айылында тулуп, 2003-жылы үй-бүлөсү менен Бишкек шаарына көчүп кеткенин Facebook баракчасы аркылуу кабарлады. 2013-жылы үйлөнүп, эки кыздуу болгон. 

"Айдоочулук күбөлүктү Кочкор-Атадан алган. Жакын туугандарынын дээрлик бардыгы Бишкекте, "Ала-Тоо" конушунда жашайт. Буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында издөөгө алынган эмес жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Апасы Зумураткан Манапбаева уулу менен жакында эле сүйлөшкөнүн айтып ыйлады.

"Жакында эле сүйлөшкөм. Келиним аны көп уктабай жатат деп айтканынан "кой, балам, такси жаман экен, иштебей эле койчу" десем "жок, апа уктап алып иштей берем, жакшы эле" деп койгон. Уулум бала чагынан бери спорт менен машыгып, эч кимге жамандыгы жок эле. Өзү ачка калса да муктаждарга берейин деп турган боорукер бала болчу. Эки кызы бар. Улуусу үч жашта, ал кайненесинде, кичүүсү бир жашка чыга элек, аны мен багып жаткам. Келиним жакында эле кыздарын калтырып, чогуу иштейин деп Москвага кеткен", — деди апасы.

Ал эми бир тууган агасы Алмаз Анарбеков инисинин бейбаштыгы жок, ичип-чекпеген адам экенин айтат.

"Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Чыңгыз экинчибиз. Ак эмгеги менен иштеген бала. Мектепти бүтөөрү менен Бишкекке келип экөөбүз "Дордой" базарында жүк жүктөп иштеп жүрдүк. Бишкекте да эки жыл бокс менен машыккан. Кийинчерээк Москвага иштегени кеткен эле. Мурда кафеде иштеп жаткан, таксиге чыкканына аз эле болуптур. 150 миң сом насыя алып, Бишкекке үй тургузуп жатты эле", — деди агасы.

© Фото / Тариэл АттокуровЧыңгыз Анарбек уулу аралаш мушташ менен машыгып келген
Кыргызстанец Чынгыз Анарбек уулу  - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Анарбек уулу аралаш мушташ менен машыгып келген

Чыңгыздын машыктыруучусу Тариэл Аттокуровдун айтымында, ал эки жылдан бери Москвадагы "Усман-Умар" спорт клубунда машыкчу. Соңку ирет 10-майда Кисловодск облусундагы мелдешке катышып келген.

Такси автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: кырсыктаган таксистке укуктук- консультациялык жардам көрсөтүлөт
"Чыңгызды көптөн бери тааныйм. Спарингде техника, реакция жагынан ага эч ким тең келе алчу эмес. Ошол эле учурда ал коркок, реакциясы бат жигит болчу. Кырсык болгондо ошол реакциясынан улам качып кетти окшойт. Мен бир жакка кеткенде баарын ага калтырып кетчүмүн, балдарды машыктырып турчу. Орозодо машыгууну токтотуп койгонбуз. Мурда башкы ашпозчу болуп иштеп жүрүп, ал жактан чыгып кеткен экен. Акыркы жолу Чыңгыз менен сүйлөшкөндө "ижарага унаа алып таксист болуп иштеп атам" дегенде "жумуш оор, убактың тар болот, эми машыгууга келе албай каласың" десем, "акча керек болуп жатат, кредит төлөш керек" деп койгонунан макул болгом. Мен кечээ Кыргызстандан келдим, саат 17.30дарда WhatsApp группага жазып, машыгуулар тууралуу сурап жаткан. Ал мындай ишке барчу бала эмес, кокустук болуп кетти. Кечээ Раим Салимов (ИИМдин Россиядагы өкүлү — ред.) агабызга да бүт баарын түшүндүрүп айтып бердим. Кечээтен бери ушул иш боюнча жүгүрүп жүрөбүз", — деди машыктыруучусу.

Ал эми КРдин ММА жана Панкратион федерациясынын Россиядагы өкүлү Улан Кошматов Чыңгыз Анарбек уулун бир жылдын ичинде үч ири мелдешке алып барганын айтып берди.

© Фото / Тариэл АттокуровКРдин ММА жана Панкратион федерациясынын Россиядагы өкүлү Улан Кошматов Чыңгыз Анарбек уулун бир жылдын ичинде үч ири мелдешке алып барганын маалымдады
Кыргызстанец Чынгыз Анарбек уулу  - Sputnik Кыргызстан
КРдин ММА жана Панкратион федерациясынын Россиядагы өкүлү Улан Кошматов Чыңгыз Анарбек уулун бир жылдын ичинде үч ири мелдешке алып барганын маалымдады

"Өткөн жылы октябрь айында Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду алган. Кийин 10-декабрда күжүрмөн самбо боюнча Тверь облусунда экинчи айлампада утулуп калган. Соңку ирет жакында эле 10-майда Оксуз кармашуудан Кисловодск облусуна барып жарым финалга чейин оюн көргөзгөн. Аны эч кимге жамандыгы жок бала катары таанычумун", — деди Кошматов.

Обвиняемый в камере. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
20 саат уктабай калгам. Кыргызстандык таксисттин көрсөтмө берип жаткан видеосу
Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москванын чок ортосунда такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кетип, из жашырып кетүүгө аракет кылган. Аны окуянын күбөлөрү кармап калган. Кийинчерээк андар кыргыз паспорту табылып, кырсыкка кириптер болгон адам Кыргызстандын жараны экени аныкталган.

Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чыңгыз Анарбек уулу менен жолугууга аракеттер көрүлүп жатканын, бардык тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0