Бишкекте ысык суу качан берилерин Улуттук энергохолдингден айтышты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүВанна. Архив
Ванна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык сууну бир учурда бардык абоненттерге бирдей жеткирүү мүмкүн болгондуктан, ар кайсы аймакка ар кайсы убакта берилери айтылды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкекте ысык суу 22-июнга чейин бериле турганын Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, борбор калаада ысык суу 21-май күнү суу түтүктөрүн кышка даярдоо максатында бир айга өчүрүлгөн. Бул жыл сайын өткөрүлүп келген иш-чара.

"График боюнча ысык суу шаарга 22-июнга чейин берилет", — деп айтышты холдингден.

Ошондой эле маалымат кызматынан ысык сууну бир учурда бардык абоненттерге бирдей жеткирүү мүмкүн болгондуктан, ар кайсы аймакка ар кайсы убакта берилерин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0