Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ал инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Зууракан Кайназарова 1902-жылы 18-июнда Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жаштыгы колхоздор түзүлүп жаткан мезгилге туш келип, элет жеринде өзү курактуулардай эле айыл чарбасы менен алектенген. Эмгек жолун 1929-жылы колхоздон баштаган.
СССРдин борбордук бийлиги аны кийинки жылы эле Москвага чакыртат. Ошентип эртеден кечке чейин талаада эмгектенген жаш Зууракан биринчи жолу темир жолду көрүп, поездге түшөт. Ал Кремлде бир жумадай жүрүп, 34 жашында Ленин орденин алган. Кайназарова гектарынан алган 1000-1250 центнер көрсөткүчүн ондогон жылдар бою сактап, Чүйдүн дагы бир белгилүү кызылчачысы Керимбүбү Шопокова менен ат салышкан.
СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты жаш кезинде турмушка чыгып бир уулдуу болот. Бирок тагдырдын жазмышы менен баласынан жана жолдошунан айрылып калат. Кийин күйөөгө тийбей согуш маалдында жетим калган ар кыл улуттагы жети уул-кызды асырап, өз баласындай тарбиялап өстүргөн.
Кыргызстандын айыл чарбасын дүйнөгө тааныткан аялдын ой-чабыты кенен болуп, бардыгы менен тил табыша алган. Талаада иштегенине карабай мамлекеттик ишмер Болот Мамбетов, Төрөбай Кулатов, Абды Сүйөркулов, Күлүйпа Кондучалова менен алака түзүп, белгилүү жазуучу, композиторлор арасында да санаалаштары арбын болгону айтылат.
Зууракан Кайназарова 40 жылдай өмүрүн кызылчага арнап, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Союз маалында айыл чарба тармагында чогуу иштешип калган Жамин Акималиев анын күнү-түнү талаалап иштеп, көпчүлүк үчүн үлгү болгондугун эскерет. Кыйың кезеңде ал жыңайлак суу сугарып жүрүп 70 жашында буту ооруп баспай, 80 жашында көз жумган. Эмгекчилдиктин үлгүсү болгон Кайназарованын туулган күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери "Элеттик аялдардын күнү" катары белгиленип келет.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн-каттоодон өтүшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев маалымат жыйынында билдирди.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева белгилегендей, бүтүрүүчүлөр ЖРТга окуган жери боюнча каттоого турушат. Ал эми мурдагы жылдары мектепти аяктагандар шаардык же райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн системага кирүүгө уруксат алышы керек.
Каттоого туруу үчүн абитуриенттердин төмөнкү документтери болушу шарт:
Белгилей кетчү жагдай, бардык документтердин түп нускасы алынат. Көчүрмөсү жарабайт.
"Документке тиркеле турган сүрөттү уюлдук аппартка же фотоаппаратка тартса болот. Башкысы — сапаты мыкты болушу керек. Бүтүрүүчү камерага түз карап, кыйшайбай түшүшү шарт. Бети экрандын так ортосунда болушу керек. Шарф сыяктуу нерселерди тагынганга болбойт. Талаптар паспортко түшкөндөй эле. Эгер сүрөт туура эмес болуп калса, ЖРТга каттоо дагы мүмкүн эмес болуп калат", — деди Батракеева.
Ал, ошондой эле, учурда айрым бүтүрүүчүлөрдүн чаар ала фонго түшкөн же башка сүрөттөн кесилген сүрөттөрү келип жатканын кошумчалады.
Бута деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бута сөзүнүн орусча алганда "мишень" деген маанисин көпчүлүк билет.
"Эпосто Алмамбет Карагулду туткундап алайын дегенде ал "бутага сөзүң илинди, сенин буруттугуң билинди" деп билип калганы айтылат. Мында "сөзүң назарга илинди" деген мааниде айтылууда. Бул сөздү өтмө мааниде ар кандай колдонсо болот. Ошол эле учурда бутанын бир нече түз мааниси бар. Алсак, бута атып тийгизе турган атайын жер же буюм. Дагы бир маанисинде майда бадал жана дарактын бутактарын кыркууну дагы ушул сөз менен түшүндүрсө болот. Башка маанисинде баалуу кездеме же андан тигилген кийим дагы аталган сөз менен берилет", — деди Талантбеков.
Манасчы эпостогу колдонулбай калган ар бир сөз тилди байытууга көмөк болорун кошумчалады.
1993-жылы 10-майда үч тыйын жана үч сом номиналындагы банкноталар жүгүртүүгө чыгарылган. Ал учурда бир доллар төрт сомго барабар эле. Бул тууралуу Эмил Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кир жукпаш үчүн сомдун алды-артына атайын лак колдонулат.
"Биринчи сериядагы 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом кагаз банкноталар өткөөл мезгилдин акчасы деп айтылат. Булардын коргоо элементи бир гана бүркүт тартылган суу белгисинен турган. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз сому төрт ирет жаңыртылып, бир жолу өркүндөтүлүп, бир эстелик банкнотасы чыгарылды. 1994-жылы турукташуу мезгилинин жакшыртылган экинчи сериясындагы 50, 100 сомдук банкноталар кошулган. Анда белгилүү маданият ишмерлеринин аты, сүрөтү жайгаштырылып, артында тарыхый архитектуралык эстеликтер жана жерлер чагылдырылган. Суу белгиси өзгөрүп, бардыгында акын Токтогул Сатылгановдун портрети болгон. 1997-2002-жылдары жогорку деңгээлдеги коргоо элементтерине ээ үчүнчү сериядагы банкноталар чыгарылды. Мында 200, 500 жана 1000 номиналы чыкты. 2008-2009-жылдары алгачкы металл монеталар пайда болду. 2010-жылы төртүнчү серия чыгып, мында эң төмөнкү номиналдагы банкнота 20 сом, ал эми эң жогорку 5000 сом болду. Бардык акчанын көлөмү 1,5-2 сантиметрге кичирейтилген. 2017-жылы ушул эле серия модификацияланып чыгарылды. Берки сериялардан айырмаланып портрет классикалык гравировка ыкмасы менен түшүрүлгөн. Маск деген жаңы коргоо элементи бар", — деди Курманалиев.
Адис 2017-жылы 2000 сом номиналындагы эстелик банкнота жүгүртүүгө чыкканын, ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын чагылдырган оригиналдуу дизайнга жана эң мыкты заманбап коргоо элементтерине ээ экенин кошумчалады.