Абылгазиев Москвада кырсыктаган чет элдиктерди бекер дарыланууга чакырды

© Фото / секретариат фракции СДПКПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев ички иштер министрин Чыңгыз Анарбек уулуна юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүгө милдеттендирди.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министри Москва шаарында жол кырсыгына кабылган Чыңгыз Анарбек уулу тууралуу маалымат берди.

"Ишемби, 16-июнда, Москва шаарынын борборунда биздин мекендешибиз, КР жараны Чыңгыз Анарбек уулу унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен бир нече адам, анын ичинде футбол күйөрмандары жабыркаган. Бул абдан өкүнүчтүү, бирок атайын жасалган жок", — деди министр.

Премьер-министр Абылгазиев Кашкар Жунушалиевге жакында Россияга болчу иш сапары учурунда жабыркагандардан барып кабар алууну тапшырды.

Москвада кырсыктаган таксисттин апасы: Чыңгыз уулумду террорчу дебегилечи... - Sputnik Кыргызстан
Аба майдандагы көз жаш. Чыңгыз Анарбек уулунун апасы Москвага жөнөп кетти. Видео
"Бул окуя Россиянын аймагында иштеген биздин жарандарыбыз үчүн куугунтуктоо жана кысым көрсөтүү үчүн себеп болбошу керек. Бул кырсык. Ошол эле учурда кыргыз өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргызстанга эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын жол киресин жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз", — деди премьер.

Абылгазиев ошондой эле ички иштер министрин Чыңгыз Анарбек уулу менен жолугуп, ага юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүгө милдеттендирди.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кеткен. Кийинчерээк андан кыргыз паспорту табылып, кырсыкка кириптер болгон адам Кыргызстандын жараны Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0