Чыңгыз, көтөр башты! Мигранттын окуясы шоу-бизнестен бийликке чейин түйшөлттү

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАрест бывших сотрудников отдела полиции "Хорошево-Мневники"
Арест бывших сотрудников отдела полиции Хорошево-Мневники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарында такси айдап иштеген Кыргызстандын жараны Чыңгыз Анарбек уулу жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен. Кырсыктан сегиз футбол күйөрманы жеңил жаракат алган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Окуя Футбол чемпионаты өтүп жаткан учурга туш келгендиктен буга дүйнө коомчулугунун да көңүлү бурулду. Ал эми кыргыз эли жердешинин мындай кырсыкка кириптер болушун кайгыруу менен кабыл алып, ага жөлөк-таяк болууга жан үрөп жатышат. Ал турган материалдык жактан да жардам берүүнү демилгелеп, акча чогултула баштады.

Москванын чок ортосунда автоунаа жөө адамдарды сүзүп кеткен 28 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Эки кызын эки жакка калтырган. Москвада кырсыктаган таксисттин апасы жана жакындары
Чуулуу окуяга кириптер болгон Чыңгыз Анарбек уулун таанып-билгендер аны ичинде кири жок, боорукер, ак эмгеги менен иштеген жана бала чагынан тарта спорт менен машыккан жигит катары сыпаттайт. Өз кезегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыктан жабыркагандарды Кыргызстанга келип дарыланууга чакырды.

1. Instagram тармагында Бека деп катталган колдонуучу Чыңгыз Анарбек уулу менен мурда бирге иштегенин жазып, ал мындай ишти атайлап жасай турган адам эместигин белгилеген. "Бүгүн аялы менен сүйлөштүм. Ал Кыргызстандан келген апасын тосууга кетти. Эртең дос-туугандары чогулуп барабыз. Баары белгилүү болот", — деп 17-июнда жазган.

2. Ал арада шоу-бизнестин күлдөрү да #Чынгызга жардам жана #Чынгызмыстобой деген хэштег менен баракчаларына пост жазышууда.

Москвада кырсыктаган таксисттин апасы: Чыңгыз уулумду террорчу дебегилечи... - Sputnik Кыргызстан
Аба майдандагы көз жаш. Чыңгыз Анарбек уулунун апасы Москвага жөнөп кетти. Видео
"Чыңгыз, башты көтөр! Бул деген кырсык! Сенин тагдырыңа менин, бүт кыргыз элинин жүрөгү ооруп турат, тууганым. Апаңдын ыйлаганын көрүп жүрөгүм ооруду. Эч бир эне сыздабасын, ыйлабасынчы! Чыңгыздын жазасы жеңил болушун тилейли. Ал эми Чыңгызга окшоп 20 саат уктабай эмгектенип, өмүрүн тобокелге салган боордошторубуз жыргаганынан сыртта жүргөн жок. Бизде жумуш орундары болсо туугандарыбыз тентип, көрүнгөндүн көчөсүн шыпырбайт эле го! Чоңдор элдин камын эмес, өздөрүнүн креслосун сактап калуунун аракетинде. Өкмөт жумушсуздукту жоюшу керек! Азыркы тапта кыргыз жеринде жалпы жумушсуздардын саны 183 миӊ 700 адамды түздү. Орус элинен кечирим сурайм, аларга сабыр тилейм" деген посттор 100дөн ашты.

3. Ал арада өз ара ынтымакташып кыргыз элинин атынан кырсыктан жабыркаган Россия, Азербайжан, Украина жана Мексиканын жарандарынан кечирим суроо акциясы жүрүп жатат. Сиз да атайын көрсөтүлгөн хэштегди колдонуу менен тилектештик көрсөтө аласыз.

4. Ал эми Кундуз Казыбек кызы соцтармактын күчү менен Чыңгыздын үнү өйдө жактагыларга жетээр деген пикирин жазган. "Бийликтегилер өз арбайын согуп, акча бөлүштүрүү, кресло талаш, бири-биринин абийирин ачып, актануу менен алек болгончо карапайым жарандарга кыйын болду. Бул жигит да бийликтен эч нерсе күтпөйт, болгону укуктук жактан жардам берээр деген үмүттө. Чыңгыз, башты көтөр! Элиң сени менен!" — деп жазган ал.

5. Тимурлан Масалиев Чыңгыз тууганы эместигин, бирок аны ага кылууга татыктуу экенин белгилеген. Андан сырткары, алгач кырсык тууралуу маалыматтан кийинки Чыңгызды каралаган сөздөргө ичи ачышканын айтып чыкты.

"Депутаттын балдары мас болуп унаа айдап, адам өлүмүнө себепкер болуп, бирок атасынын калкалоосу менен чыгып кетсе да мынчалык тантыган сөздөрдү айтышкан эмес. Бул киши үй-бүлө багайын деп 20 саат уктабай иштеп жүрөт", — деп маселе козгогон.

6. Москвадагы активисттер интернет аркылуу эле колдоо көрсөтүү менен чектелбей, каражат чогултуу иштерин колго алышкан. KG-RUSS коомдук бирикмесинин мүчөсү Асел Лабаеванын айтымында, Чыңгызга жардам берүү демилгесин эл өзү көтөрүп чыккан. Банктык эсеп 17-июнда ачылып, азыркы тапта 60 миң рублден ашуун каражат чогулду. Аз дегенде 25, алды 2000 рублге чейин которууда.

Мындан сырткары, Чыңгыздын бир тууганынын атына дагы атайын эсеп ачылган. Бул каражат кырсыктан жаракат алгандардын дарылануусуна жана кенемте төлөөгө жумшаларын айтышууда.

 

7. Ал эми ЖК депутаты Алмазбек Эргешов КР жаранына карата айтылган жалаң жакшы мүнөздөмөлөр ишинин жеңилдешине салым болот деген ишеним бар экенин маалымадады.

"Чыңгыздын бир туугандарына, жакындарына жана өзүнө сабыр тилейм. Биз дагы мекендешибиздин кайгысына кайдыгер болбой, аракеттерди көрөбүз. Мен эл өкүлү катары бул окуянын тыкыр иликтенүүсүн талап кылып, Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кайрылуу жолдойм жана көзөмөлгө алам. Келгиле, баарыбыз бир тууганыбызга жардам берели", — деп жазган депутат.

8. Дагы бир эл өкүлү Акылбек Жамангулов бул маселе боюнча кабатыр болуп, тиешелүү органдарга кайрылып жатканын билдирди.

"Адилеттүүлүк, калыстык деп бир тарапты жамандап, жок кылган учурду эмес, экинчи тараптын да пикирин эске алган учурду айтат. Стратегиялык өнөктөшүбүз Россия бийлиги мекендешибиз Чынгыз боюнча объективдүү тергөө жүргүзүп, мигрант болуп жүргөн башка мекендештерибиз жапа чекпейт деп ишенебиз", — деп жазган Жамангулов.

Жаңылыктар түрмөгү
0