Путиндин маалымат катчысы Москвада күйөрмандарды койдуруп кеткен окуя боюнча үн катты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезиденты РФ и Белоруссии В. Путин и А. Лукашенко на заседании ВГС Союзного государства России и Белоруссии
Президенты РФ и Белоруссии В. Путин и А. Лукашенко на заседании ВГС Союзного государства России и Белоруссии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автокырсыктан жети киши ар кыл жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков кыргызстандык таксист Москвада жөө адамдарды койдуруп кеткен окуя боюнча комментарий берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Москвада такси кызматында иштеп жүргөн КР жараны Чыңгыз Анарбек уулу ишемби күнү жол боюнда кетип бара жаткан жөө адамдарды койдуруп кеткен. Андан жети адам жаракат алган. 

Окуя боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 264-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

“Автокырсыктын адам өмүрүнө зыян келтирбегендигин укканда бир аз жеңилдедик. Жаракат алган адамдардын айыгып кетишин каалайбыз. Ал эми окуянын чоо-жайын билүү үчүн тартип коргоо органдарына кайрылуу абзел", — деген Песков.

Таксисттин апасы менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеоматериалынан көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0