Нарындын төрт районунун 42 миң га айдоо жери чегирткеден тазаланууда

© Фото / пресс-служба полпреда ПКР в Чуйской областиБорьба с саранчой в Чуйской области
Борьба с саранчой в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 37 гектардан ашуун жерге дары себилди.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Нарын облусундагы Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал жана Нарын райондорунун жалпы жонунан 42 266 гектар айдоо аянты менен жайыт жерин чегиртке жана курт-кумурскалардан тазалоо иштери уланып жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, май айында Жарандык коргонуунун жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматы тарабынан атайын пландын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, айдоо талааларын чегиртке каптап кеткени аныкталган. Мындан улам аталган райондорго өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

"Ушу тапта микронер менен жабдылган дары себүүчү жети унаа жеринде иштеп жатат. Аймактарда инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин 37 440 гектар айдоо жерине дары себүү иштери жүргүзүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаралар бүгүн да улантылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0