Милиционер акы төлөөдөн качып тамакка ыпыр-сыпыр кошуп койдубу? Видео

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББдан кызматтык иликтөө болуп жатканын билдиришти.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. ЖКККБнын формасын кийген адам акча төлөөдөн качып тамакка ыпыр-сыпыр кошуп салып, официантка догурунду. Бул учур тартылып калган видеону Facebook тармагынын колдонуучусу Айбек Жаңыбаев жарыялады.

Тасмада көрүнүп тургандай, ЖКККБнын формасын кийген эркек кишилер кафеде тамак ичип отурушат. Алардын биринин колунан салфеткага оролгон кара нерсени көрүүгө болот. Бир маалда аны тамакка салып туруп, официантты чакырат. 

ЖКККББнын маалымат кызматынан окуя Боом капчыгайындагы тамактануу жайларынын биринде болгонун, учурда кызматтык иликтөө болуп жатканын билдиришти.

Ошондай эле ал жактан милиционерлер тамакка акча төлөгөнүн, кафе администрациясынын аларга дооматы жок экенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0