Ат-Башынын Арпа жайлоосунда мал кутурмага каршы эмделди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота врачей ветеринарной лечебницы в Новгородской области
Работа врачей ветеринарной лечебницы в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чабандын үйүндөгү адамдар да ооруканага кайрылып, эки киши жаткырылганы айтылган.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Учурда Ат-Башы районуна караштуу Арпа жайлоосунун Чырмаш тилкесинде 500 баш майда жандык, 70 жылкы, ири мүйүздүү алты мал жана төрт ит кутурма оорусуна каршы эмделгенин ӨКМ билдирди.

Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыда 18 адам кутурма жуктурууга шектелип вакцина алды
Эскерте кетсек, 16-май күнү аталган тилкеде Жумаев аттуу тургундун койлоруна карышкыр тийген. Мал ээси бул тууралуу жана ал эч кимге билдирген эмес. 11-июнда Жумаевдин 50 баш кой-козусу өлгөндөн кийин ал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына бир козунун тарпын жиберген. Республикалык ветеринардык лабораториясынын вирусология бөлүмүнүн жыйынтыгы боюнча 13-июнда кутурма оорусу аныкталган.

Чабандын үйүндөгү адамдар да ооруканага кайрылып, эки киши жаткырылганы айтылган.

Окуя болгон жерге райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жана ветеринардык башкармалыктан беш кызматкер тартылып, малга эмдөө жүргүзүлдү.

Ал эми ооруканада дарыланып жаткан эки киши 18-июнь күнү үйлөрүнө чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0