Темир Сариев экинчи ирет УКМКга сурак берүү үчүн чакырылды

© Sputnik / Эмиль СадыровЭкс-премьер-министр КР Темир Сариев
Экс-премьер-министр КР Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрадан суракка чакырылганын мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Сариев тергөө амалдарын жүргүзүү иштеринин алкагында чакырылды.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Кулматовго козголгон дагы бир иштин чоо-жайын айтты
Ал эми мурдагы өкмөт башчынын айланасындагы адамдар Сариев УКМКга саат 17.00гө бара турганын айтышты.

Эске салсак, 13-июнда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Сариев күбө катары чакырылган болчу. 

Буга чейин ушул эле иштин алкагында "коррупция" беренеси боюнча айыпталып Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев жана Салайдин Авазов камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0