Бишкектин айрым бөлүгүндө 9 күн бою газ болбойт

© AFP / BARBARA SAX Газ плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от оңдоо ишине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Борбор калаанын айрым аймагында 29-июнга чейин жаратылыш газын берүү токтотулду. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Газ бүгүн, 20-июнда, "Чыгыш-5" кичирайонунда, Садовое, Мыкан, Лебединовка, Аламүдүн айылдарында, Лермонтов, ЧЧК, Пионер, Гагарин көчөлөрүндө өчүрүлдү.

Маалыматка караганда, жаратылыш газынын өчүрүлүшүнө пландалган оңдоо иштери себепкер болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0