Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 16-июнда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү

Кашкар Жунушалиев Москвада кыргыз таксист сүзгөн бейтаптарды көрдү. Сүрөт

1628
(жаңыланган 11:04 21.06.2018)
Бейтаптар менен жолуккан Жунушалиев болгон окуяга катуу өкүнөрүн айтты.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 16-июнда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 16-июнда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү
    Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 16-июнда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү
    © Пресс-служба правительства КР
  • Бейтаптар менен жолуккан Жунушалиев болгон окуяга катуу өкүнөрүн айтты
    Бейтаптар менен жолуккан Жунушалиев болгон окуяга катуу өкүнөрүн айтты
    © Пресс-служба правительства КР
  • Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россияга болчу жумушчу сапарынын алкагында жабыркаган жарандарды барып көрүп, аларды Кыргызстанга эс алууга жана ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырууну милдеттендирген.
    Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россияга болчу жумушчу сапарынын алкагында жабыркаган жарандарды барып көрүп, аларды Кыргызстанга эс алууга жана ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырууну милдеттендирген.
    © Пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Пресс-служба правительства КР
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 16-июнда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү

Бейтаптар менен жолуккан Жунушалиев болгон окуяга катуу өкүнөрүн айтты. 

"Сиздерге тез арада сакайып чыгууну каалап, өзүңүздөр үчүн ыңгайлуу убакытта Кыргызстанга эс алып кетүүгө чакырабыз. Дүйнөдөгү бийик тоолуу көлдөрдүн бири – Ысык-Көлдө сиздер эс алып гана эмес, күч-кубат топтоп, жаңы досторду табасыздар деп ишенем", — деди ал.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россияга болчу жумушчу сапарынын алкагында жабыркаган жарандарды барып көрүп, аларды Кыргызстанга эс алууга жана ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырууну милдеттендирген.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кеткен. Кийинчерээк ал Кыргызстандын жараны Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

1628
Белгилер:
Чыңгыз Анарбек уулу, Кашкар Жунушалиев, Москва
Тема:
Москвада кырсыктаган кыргызстандык таксист (24)
Тема боюнча
Москвада кишилерди койдуруп кеткен кыргызстандык жаран эки айга камакка алынды
Путиндин маалымат катчысы Москвада күйөрмандарды койдуруп кеткен окуя боюнча үн катты