Согушта курман болгон Балтабай Борошевдин буюмдары баласына өткөрүп берилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСыну солдата Балтабая Борошева, погибшего в ВОВ, передали личные вещи отца
Сыну солдата Балтабая Борошева, погибшего в ВОВ, передали личные вещи отца - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке буюмдарынын арасында жоокердин медальону, кемер куру жана медалы болгон.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз деп эсептелген кыргыз жоокери Балтабай Борошевдин жеке буюмдары уулу Жээнбай Балтабаевге өткөрүп берилгенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Москвага болгон иш сапары учурунда "Обелиск" деп аталган издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолукканы айтылат.

"Алар президентке Ош облусунун Алай районунан Улуу Ата Мекендик согушка аттанган жана майданда дайынсыз болуп кеткен Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган жеке буюмдарын өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жоокердин сөөгү Смоленск облусундагы Бекрино айылынын жанынан табылып, Овсянники айылындагы Эскерүү талаасына кайрадан коюлган.

Рейхстагга орнотулган СССРдин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
Жоокердин жеке буюмдарын президенттин аппараты Кыргызстандагы "Наша Победа — Биздин Жеңиш" издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптевага өткөрүп берген.

Ал 20-июнда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун катышуусу менен жоокер Балтабай Борошевдин медальонун, кемер куру жана "Өлбөстүккө кадам" ("Шагнувши в бессмертие") медалын анын уулу Жээнбай Балтабаевге тапшырып берди.

Жоокердин уулу Улуу Ата Мекендик согуш жылдары курман болгон кыргызстандыктардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу маселелерине көңүл буруп жатканы үчүн президентке жана "Обелиск" издөө отрядынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0