Жарыкты сүйбөйт, күүгүмдө бербейт! Акчага байланыштуу 7 "болбойт"

Жазылуу
Сарамжал болууга аракет кылганыңыз менен өткөн айда канча акчаны каякка коротконуңузду билбей отуруп каласызбы? Акчаны туура колдонуу да өзүнчө бир эркти жана чеберчиликти талап кылат. Андай жөндөмүңүз жок болсо акча сизге кул болбой эле, сиз ага кул болуп каласыз дешет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жолу акча колдонууга байланыштуу коомчулуктун ишенимине кирип калган тыюу эрежелерин чогултту.

1. Күүгүмдө акча бербейт. Акчаны сол кол менен берип, оң кол менен алуу керек деп айтылат. Карызга алган акчаны күн баткандан кийин кайтарып бербейт дешет. Ошол эле учурда күүгүмдө акчаны кол менен берүүгө болбойт экен. Эгер кырдаал кыстап жатса, анда полго, отургучтун үстүнө коюп койсо болот имиш.

2. Акча жарыкты сүйбөйт. Акчаңызды ачык жерде, жарыкта сактабаңыз. Капчыкка же атайын кутучага салып жүргөн жакшы. Анткени акча жарыкты сүйбөйт деп коюшат.

3. Ышкырба, акчаны качырасың! Мурунтан бери эле "үйдүн ичинде ышкырба, акчаң жок болуп калат" деп тыйып келишкен. Үйдө ышкыруу кедейчиликти чакырат деген ишеним бар.

Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер таянып отурбайт, үшкүрүнбөйт! Жаш балдарга байланыштуу 7 "болбойт"
4. Акча менен ойнобо. Акчаңызды атайын капчыкка ирети менен салып жүрүңүз. Ар мамлекеттин валютасы болсо аралаштырбай өз-өзүнчө кармаңыз. Тыйын менен кагаз акчаны да бөлүп койгонуңуз оң. Үч-төрт жолу бүктөп, тоголоктоп, бетине жазып, сүрөт тартып ойнобоңуз. Бери жагы кунун кетирсеңиз, ары жагы акчаңызды эч ким албай кагазга айланып калышы мүмкүн деп айтылат.

5. Тыйын көрсөң кыя өтпө. Жолдо жаткан тыйынды сөзсүз түрдө алуу зарыл. Эгер көрүп туруп албай өтүп кетсеңиз, акчаны сыйлабаганыңызды билдиресиз. Анан калса акчалуу да болуп каласыз. Акчага жүгүнбөсөк да аны сыйлашыбыз керек.

6. Далактап чачканга шашпа! Акчаны айлап, күндөп керек болсо секунд санап күтүп жеткенде дароо иштетип калууга чуркабаңыз. Маңдай тер менен тапкан акчаңыз жок дегенде бир күн үйдө турсун. Анан керегиңизге жаратып, карыздарга бере берсеңиз туура болот. Ал эми эң биринчи маяна алганда басып жатып албай үйгө же жакындарыңызга шириндик, май-сүт алып барыңыз. Бул андан аркы жолуңуз ушундай майлуу-сүттүү, таттуу болот дегенди түшүндүрөт экен.

7. Карыз алып кашайтып жүрө бербе! Карызды акча болору менен бергенге аракет кылыңыз. Мүмкүн болсо толугу менен кутулуп кулак-мээ тынч отуруңуз. Ошол эле учурда жакшы тааныбаган бирөөдөн карыз алуудан этият болуу керек. Үстөгү менен насыя алуудан андан өтүп сак болуңуз. Эч качан башка бирөөгө, атүгүл досуңузга да сиздин атыңыздан карыз алууга документтериңизди бербеңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0