Бишкекке ысык суу бериле баштады. "Аристонду" өчүргүлө!

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСезонное отключение горячей воды
Сезонное отключение горячей воды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы карызы барларга ысык суу берилбейт.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бүгүн, 21-июндан тарта, Бишкекке ысык суу бериле баштады. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарга ысык суу жеткирүү системасын текшерүү маалында 54 кемчилик табылса, анын 34 толугу менен оңдолду.

"Ысык суу берүү иштери үч күнгө созулат. Эң биринчи бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык маанилүү объектилерге берилет. Ал эми мурда карызы барлар кутулмайынча ысык суусуз отурууга туура келет", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ысык суу берилээрде суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталды.

"Бир эле "Аристон" жабылбай калса, сизде гана эмес, бир үйгө толугу менен ыйгаңсыздык жаралышы мүмкүн", — деп түшүндүрүштү "Бишкекжылуулуктармагынан".

Кошумча суроолор жаралса төмөнкү телефондорго коңгуроо каксаңыз болот:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980.

Диспетчер кызматы: 56-85-58.

Борбордук райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19,30-07-67.

Шаардын түштүгүндөгү райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.

Жаңылыктар түрмөгү
0