Кыргызстанда сойкулар канча табат? Бийлик алардын кирешесин эсептемей болду

© AFP / STRПроблема проституции в Китае
Проблема проституции в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын экономикасынын көмүскө тарабын — сойкулардын жана маңзат сатуучулардын кирешесин эсептөөнү чечти.

Маектешибиз анын үнүн жаздырып-жаздырбаганыбызды кайра-кайра тактап, Sputnik Кыргызстандын кабарчысына купуялуулук шарты менен гана маек курууга макул болду. Секс-индустрияда көп жыл иштегендиктен бааларды эң жакшы билет.

"Тапканыбыз кыздын көчөдө, саунада же жалгыз иштегенине жараша болот. Эң аз алгандары бир жолку "кызматка" 500 сом алып, "түйүндөрдө" иштешет", — деп баштады сөзүн маектеш.

Детские куклы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жыл башынан бери интернеттен кардар издеген 64 сойку кармалды
Сауналарда иштеген кыз-келиндердин орточо кирешеси — саатына 1000ден 3000 сомго чейин. Адатта шаардагы сауналарга секс кызматын көрсөткөн кыздардын тобу минивэн менен алдын ала чалуу боюнча келет.

"Өзү жалгыз иштеген же "элиталык" кыздар баарынан көп табышат. Алардын кызмат акысы саатына 1000 долларга жетиши мүмкүн", — дейт ал.

Бирок соңку кездерде кыздар вебкам-индустрияга (веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү) ооп жатышат. Маектешибиздин айтымында, бул ары кирешелүү, ары коопсуз киреше булагы.

Айтылбаган статистика. Статком секс-индустриянын кирешесине неге кызыкты?

Кыргызстанда сойку жана маңзат сатуучулардын кирешесин эсептөө ниети айтылды. Мындай демилгени Улуттук статистикалык комитеттин Экономикалык статистика жана улуттук эсеп башкармалыгынын башкы адиси Наргиза Кунева көтөрүп чыккан.

"Азыр баңгизат сатуу, интимдик кызмат көрсөтүүлөр, уруксатсыз аңчылык жана башка мыйзамсыз ишмердиктерден түшкөн кирешелер боюнча эскперименталдык эсеп жүргүзүлүүдө", — деп билдирди ал.

Кирешесин эсептөө татаал болгон бул өңдүү ишмердиктер болжолдуу эсеп боюнча өлкө экономикасынын жалпы көлөмүнүн төрттөн бир бөлүгүнө туура келет.

Мекемеден белгилешкендей, Статкомдун адистери каржыны гана эсептөөдө. Андан аркы маселени башка мамлекеттик органдар чечет.

Секс-индустриянын капчыгын текшерүү Кыргызстанга эмне берет?

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов бул көрсөткүчтөр мыйзамсыз ишмердиктен Кыргызстанга келтирилген зыян деңгээлин баалоого көмөк болорун айтып берди.

"Азыр биз аларга карата күч колдонуп гана келебиз — таап, камап, жок кылып… Бирок кандай багытта иш алпарууну баалоого мүмкүндүк бере турган каржылык куралдар бар эмеспи", — деди Бактыгулов.

Проституционный комплекс Долли в Сурабайе - Sputnik Кыргызстан
Актау полициясы сойкуларды видеого тартып, аны туугандарына жөнөтүүнү көздөөдө
Бул укук коргоо органдары үчүн маанилүү, ал эми өлкө бюджетине сойкулук, маңзат соодасы тууралуу маалыматтар эч таасир этпейт.

"Эгер бул кирешелерди ИДПга кошсо, анда албетте, статистикалык жактан экономикалык көрсөткүчтөр жогорулайт, бирок эч кандай өзгөрүү болбойт", — деп белгиледи экономист Нургүл Акимова.

Айрым маалыматтар боюнча, сойкулуктан түшкөн киреше ай сайын 10 миллион долларга жетиши ыктымал!

Башка өлкөлөрдө сойкулардын тапканын эмне үчүн эсептешет?

Секс-индустриянын кирешесин саноо боюнча Грецияда кызык окуя болгон. 12 жыл илгери аталган өлкө экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнөн аз жерден Евробиримдиктин катарынан чыгып кала жаздаган.

Афины айлакерликке салып, сойкулук кирешесин да кошо эсептей койгон. Натыйжада гректердин ИДПсы 25 пайызга өсүп кеткен!

Бирок ага карабастан, грек өкмөтүнүн мындай амалын Брюссель жактырган эмес. Ал эми сегиз жылдан кийин маселе кайра көтөрүлүп, Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнүн ИДПсы теңата шарттарда эсептелиши үчүн интимдик кызмат көрсөтүүлөр жана маңзат сатуудан түшкөн кирешелерди да эсепке алуу сунушталган.

Терезенин жанында отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өп-чап жашоодон улам арабга төртүнчү аял болдум. Чет элге бүлө болгон кыргыз кыздар
Эл аралык аренада буга көрүнүктүү мисал — Улуу Британиянын эсеби. Улуттук статистикалык кызматынын отчетуна ылайык, Тумандуу Альбиондо сойкулардын жалпы саны 61 миңди түзөт.

Бир кыз жумасына 25 кардарды тейлей тургандыгы аныкталган. Алардын ар бири бир келгенде орто эсеп менен 67 фунт (6 миң сомдун тегерегинде) төлөшкөн. Ошондо жылдык киреше 3 миллиард фунтка (273 миллиард сом) чейин чыгат.

Интимдик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү эсептер британдык статисттерди көп машакатка салган. Полиция сойкулардын саны тууралуу маалымат бергени менен бааларды Интернет жана төшөк кызматы көрсөтүлүүчү жайлардан сурап такташкан. Эсепке контрацептив жана атайын кийимдерге кеткен чыгымдар да кирип, ал ар бир кардарга 50 центтен каралган.

Венгриянын бул багыттагы тажрыйбасы да кызык. Эсептөөгө бийликке сойкулардын биримдиги жардамдашкан. Алардын эсебиндеги бир бөлүк көзгө урунбай койбойт: эгер кардар чет элдик турист болсо, интимдик кызмат эскпорт катары каралат.

Адистер ошондой эле билим деңгээли менен ажырашуулардын санын салыштырган. Ортого кызык бүтүмдөр чыгыптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0