Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Мамкаттоо издөөдө жүргөн чет элдин жаранына берилген паспорт боюнча үн катты

(жаңыланган 17:23 21.06.2018)
Мамлекеттик каттоо кызматы ИИМдин билдирүүсүнөн кийин кызматтык териштирүү жасаган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду жасоо абдан оңой болгонун Мамлекеттик каттоо кызматы ИИМдин эл аралык издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны Кыргызстандын паспорту менен кармалды деген маалыматына жооп иретинде билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашкандай, Украинада кармалган Тажикстандын жараны Жураев Низомхон 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун негизинде 2014-жылы жаңы паспорт алган.

1994-жылы биринчи жолу жалпы жарандык паспорттор берилип баштаган. Ал колго толтурулчу. Ички беттерине номер же документтин сериясы жазылчу эмес. Мекемеден ошону менен бирге сүрөт чапталганын кошумчалашты.

"Ал документти жасалмалоо абдан оңой болгон. Андыктан соттон качкан коңшу мамлекеттин жарандары бул паспортту жасалмалатып колдонуп келишкен", — деп айтылат маалыматта.

2018-жылы 8-январда Мамкаттоо комиссия түзүп эмне үчүн тажик жаранына Дөөлөтбек Ибрагимжанов деген кишинин аты менен паспорт берилгенин аныктоо үчүн кызматтык териштирүү жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында Жураев 2014-жылы августта Кызыл-Туудагы паспорт столуна 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту алмаштыруу үчүн кайрылганы аныкталган. Ал өзүн Дөөлөтбек Ибрагимжанов деп тааныштырып, өзүнүн сүрөтү чапталган жана маалыматтары жазылган 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун көрсөткөн.

Бирок ал паспорт Замира Маминовага таандык болуп чыккан. Маминова өз кезегинде 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун жоготуп алганы боюнча да түшүнүк кат жазган.

Дөөлөтбек Ибрагимжанов боюнча бардык документтер жана кызматтык териштирүүнүн корутундусу Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросуна жыл башында берилген.

Өкмөттүн 2015-жылдын 18-ноябрдагы токтомуна ылайык, "мөөнөтсүз" деп белги коюлган 1994-жылкы үлгүдөгү бардык паспорттор юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз деп табылган.

Белгилер:
документ, паспорт, Интерпол, ИИМ, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
ИИМ: Мамкатоо Интерполдун издөөсүндө жүргөн чет элдикке паспорт жасап берген
Жыл башынан бери 16 жашка толгон 32 миң кишиге паспорт берилди
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ошто балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты эшигин ачты. Сүрөт

(жаңыланган 21:43 19.04.2021)
100 орунга ылайыкташкан жаңы оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөн. Ал эми эски имараты толугу менен оңдолгон.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.

  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Министр здравоохранения Алымкадыр Бейшеналиев и руководители городской мэрии Оша осматривают новую детскую инфекционную больницу
    Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.

100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.

Белгилер:
азем, ачылыш, министр, оорукана, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөт