Бишкекке Норвегиянын экс-премьер-министри эмнеге келди?

© Фото / Авланбек ДжумабаевКыргызстанга Норвегиянын экс-премьер-министри, Адам укугу боюнча борбордун президенти Кьель Магне Бондевик келди
Кыргызстанга Норвегиянын экс-премьер-министри, Адам укугу боюнча борбордун президенти Кьель Магне Бондевик келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын бийлиги менен Евробиримдиктин коногу майыптардын абалын, аларды ишке орноштуруу маселесин талкуулады.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Норвегиянын экс-премьер-министри, Адам укугу боюнча борбордун президенти Кьель Магне Бондевик келди.

Ал 20-июнда майыптардын маселеси жана тараптардын бул жаатта тажрыйба алмашуусу талкууланган конференцияга катышканын уюштуруучулар билдиришти.

Конференция INSPIRED+ деп аталган Евробиримдик каржылаган долбоордун алкагында өттү.

Депутат Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
Депутат майып балдардын төрөлүшүнүн алдын алууга чакырды
Кьель Магне Бондевик Евробиримдиктин өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде майыптарды ишке орноштуруу кандай жүргүзүлөрүн айтып берди.

Конференцияда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Кыргызстанда майыптар боюнча жазылган мыйзамдардагы кепилдиктер дээрлик иштебестигин айтты. Андан сырткары, тиешелүү чечимдерди кабыл алууда да калктын бул катмарына карата басмырлоо болорун кошумчалады.

Анткен менен министр жакында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдарга майыптарды ишке алуудагы квотанын аткарылышы боюнча анализ жасоо башталганын билдиргенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0