Таласта ажыга барчулар эмдөөдөн өттү

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүЭмдөө. Архив
Эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн бардык аймагында зыяратчыларды эмдөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Талас шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ажыга барчулар эмделди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле зыяратчылар медициналык кароодон өтүштү.

"Кандайдыр бир себептерден улам келбей калган жана ден соолугуна байланыштуу дарыгерлер убактылуу эмдөөнү токтоткон жарандар жакынкы күндөрү эмдөөдөн өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн. Ал эми муфтият ажылыктын баасы 2890 долларды түзгөнүн билдирген.

Ал эми зыяратчыларды Flaynas авиакомпаниясы ташыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0